​“Эмгек” партиясынын байкоочусу мыйзам бузган (Фактчекинг)

Ак-Босого конушундагы №1239 шайлоо участогунда “Эмгек” партиясынын Байкоочусу одоно мыйзам бузуп жаткандыгы тууралуу социалдык тармактын колдонуучу Кундуз Ажибекова өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыккан.

Анын айтымында, “Эмгек” партиясынын Байкоочулары “бейджиктерин” тагып алышкан. Бардык УИКтерде жалгыз эле “Эмгек” партиясынын кишилери “бейджиктер” менен жүрөт.

Ошондой эле, Эмгек партиясынан агитаторлору: “УИКте биздин атайын кишилер бар. Алар силерди карап турат, ошондуктан, бизге гана добуш бергиле”, — деп шайлоочуларды коркутуп алышкандыгы тууралуу жазып чыккан.

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө ЖОБОдо Жигердүү шайлоо укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын жарандары байкоочу болууга укуктуу экендиги жазылган.

ЖОБОнун 4-пунктунун 16-бөлүгүндө “Байкоочу өзүнүн статусу, фамилиясы, аты-жөнү, аны шайлоо комиссиясына жиберген уюмдун аталышы белгиленген, шайлоо алдындагы үгүт белгилерин камтыбаган төш белги тагынып жүрүүгө укуктуу”, — деп жазылган.

Жыйынтык: ЖОБОдо белгиленгендей, кайсы гана партиянын байкоочусу болбосун партиясынын аты жазылган бейджикти тагынып жүрүүгө тыюу салынат. Кайсы гана партиянын Байкоочусу болбосун, шайлоо участогунда окшош күбөлүк менен жүрүүгө укуктуу.


Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты