​Добуш сатып алуу фактылары болуп жатат

  • 3 года мурун

Добуш берүү участокторунун биринде белгисиз адам добуш сатып алып жаткан жеринен кармалганы тууралуу видео тарап жатат. Ал видеодо бир топ адам бир адамды кармап, аны добуш сатып алгандыгы жана байкоочунун телефонун тартып алгандыгы үчүн айыптап жатканын көрсө болот. Ошондой эле, бул видеодо добуш сатып алган адамдан Бишкек шаардык кеңешинин күбөлүгүн жана Айсаева Галина деген атты укса болот. Видеонун авторунун айтымында, Галина Айсаева “домком” катары эмгектенет. Ошондой эле, видеонун астында бул окуя 1232 шайлоо участогунда болгону маалымдалат.

Борбордук шайлоо коммисиясынын маалыматына ылайык, Айсаева Галина 1231 шайлоо участогунда катталган.

Азыркы учурда видеодогу күбөлүк кимге таандык экенин биздин редакция тактап жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты