​Белги салынган маскаларды кийген шайлоочуларды айланчыктап жүргөн адамдын талапкер экендиги чын (Фактчекинг)

Ош шаарынын №5278 шайлоо участогуна келген шайлоочулардын атайын белги коюлган масканы тагынып жүргөндүгү байкалган. Бул тууралуу Улан Канат уулу өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыккан.

Андай маска тагынып жүргөн айрым шайлоочулардын айтымында, масканы “домком” тараткан.

Бизге масканы “домком” берген. Белгиси деле жок го”, — шайлоочулардын бири.

Андан көп өтпөй эле, дал ушул белги салынган маскалар боюнча Азамат Бакиров аттуу Фейсбук колдонуучусу “Бул видеодо ошол маскалары тешилген участкада бир партиянын өкүлү тегеренип жүрөт. Мен ойлойм БШК чара көрөт деп”, — деген билдирүү калтырып, видеосун жарыялаган.

ПолитКлиника медиасы видеодогу атайын белгиси бар маска тагынгандардын жанына барып, Ош шаарынын №5278 шайлоо участогун айланчыктап жүргөн адам кайсы партиянын талапкер экендигин аныктап көрдүк.

Жогорудагы видеодогу адам Ош шаардык кеңешине ат салышып аткан “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен бараткан Джунусбаев Сонунбек Калмаматович экендигин көрүүгө болот.

Жыйынтык: Видеодо атайын белги салынган маска кийген адамдарды айланчыктап жүргөн Ош шаардык кеңешине талапкер экендиги чын. Ал “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен бараткан Джунусбаев Сонунбек Калмаматович экен.


Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты