​Премьер-министр Улугбек Марипов шайлоодо жана референдумда добуш берди

  • 3 года мурун

Премьер-министр Улукбек Марипов Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо жана референдумда добуш берди.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, премьер-министр Бишкек шаарындагы №40 орто мектептин имаратында жайгашкан №1032 шайлоо участкасында добуш берди.

Кыргызстанда бүгүн, 11-апрелде өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. Шайлоо менен кошо президенттик башкарууга багытталган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты