​Акыйкатчы институту добуш берүүгө байкоо жүргүзүшөт

  • 3 года мурун

Акыйкатчы институтунун жана Кыргыз Республикасынын 7 облусундагы аймактык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдумда добуш берүүгө байкоо жүргүзүүнү башташты. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди.

Акыйкатчынын Борбордук аппаратынын кызматкерлери, анын республиканын региондорундагы регионалдык өкүлчүлүктөрү, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандыктардын укуктарын ыйгарым укуктуу акыйкатчылар бүгүнкү шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөп турушат.

Шайлоо учурунда мыйзам бузуу фактыларын тапсаңыз, Акыйкатчы институтунун 115 ишеним телефонуна кабарлай аласыз.

Кыргызстанда бүгүн, 11-апрелде жаңы Конституциянын долбоору референдумга коюлат жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүп жатат.

Бул күнү өлкөдөгү 448 аймакта, же болбосо 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты