​Октябрдагы мыйзам бузуулар кайталанып жатат. Шайлоо кандай башталды?

  • 3 года мурун

Бүгүн Кыргызстандын аймагында Конституциялык референдум жана жергиликтүү кеңештерди шайлоого добуш берүү жайынан тышкары добуш берүү жүргүзүлдү. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, буга чейин добуш берүү жайынан тышкары добуш берүү үчүн 19 миңден ашык кыргызстандык арыз жазган.

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештерди шайлоо» мыйзамына ылайык, добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө ооруканада жаткандар, ден-соолугуна байланыштуу добуш берүү жайына бара албагандар алыскы райондордо жайгашкандар, добуш күнү кызмат өтөп жаткан ички иштер кызматкерлери арыз жазууга укуктуу.

Бирок, бүгүнкү добуш берүүдө шайлоочулардын арасында арыз жазбагандар да болгону белгилүү болду. Бул тууралуу «Клооп» редакциясынын байкоочулары билдирди.

Алардын байкоосунда, добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө арыз жазбаган адамдар Шайлоо комиссиясына нааразы экенин билдирүүдө.

«Мен жөнүндө маалыматты эмнеге алып жатканын айтышкан эмес. Айтса, өзүм барып шайламакмын. Күйөм экөөбүз дайыма өзүбүз барып шайлачыбыз. Мынча көп адам үйгө коркутуп киргенинин эмне кереги бар?»-деп билдирген шайлоочулардын бири.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Атыр Абдрахматова 10-апрелде өткөн добуш берүү жайынан сыркары шайлоонун бюллетендерин жокко чыгаруу керек экенин билдирген. Анын айтымында, добуш берүү учурунда мыйзам бузуулар катталган:

«Азыр добуш берүү учурунда болгон бузуулардын сүрөт, видеолору бар. Айрымдар добуш берүү учурунда тамак-аш таратып жүргөнүн көрүп жатабыз»,- дейт Атыр Абдрахматова.

Ошондой эле, Атыр Абдрахматова добуш берүү жайынан тышкары добуш берүү манипуляциянын бир түрү экенин белгиледи:

«Азыр болуп жаткан нерсе — манипуляция. «Форма-1″ аркылуу добуш берүүдө айрым саясий партиялар жана шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан мыйзам бузуулар катталууда. Саясий коррупция байкалып жатат», — Абдрахматова.

Муну менен бирге, Атыр Абдрахматова 10-апрелде өткөн шайлоонун бюллетендерин жокко чыгаруу керек экендигин билдирди:

«Күзүндө өткөн шайлоодо да жыйырма беш миңге жакын адам добуш берүүчү жайдан тышкары шайлоого катышкан. Азыр да ага жакын адам катышып жатышат. Ачык мыйзам бузуулар, манипуляция байкалып жатат, ошондуктан бюллетендерди жокко чыгаруу керек», — дейт Атыр Абдрахматова.

Белгилей кетсек, октябрь айында Жогорку Кеңештин депуттатарын шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө 25 миңге жакын адам катышкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты