Матраимовго таандык соода борбору Калкты тейлөө борборуна айланды

  • 3 года мурун

“Эльдорадо” соода борборунун имараты Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты тейлөөчү борборго айланды. Анын ачылышы 9-апрелде премьер-министр Улукбек Мариповдун катышуусунда өттү.

2020-жылдын декабрь айында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов мамлекетке келтирген чыгымды төлөгөнүн, анын бир бөлүгүн кыймылсыз мүлк катары кайтарып бергенин айткан. Бир нече батир менен кошо Матраимов Бишкектеги Жибек-Жолу көчөсүндө жайгашкан “Эльдорадо” соода борборун мамлекетке бергени белгилүү болгон.

Имарттын жалпы аянты болжол менен 1245 чарчы метрди түзөт.

Матраимов азыр коррупцияга жана кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга байланыштуу айыпталып, №47 абакта жатат.

АКШнын Финансы министрлиги былтыр декабрда Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан (Аманда) Тургунованы «Магнитский акты» деп аталган «кара тизмеге» киргизген.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдө бажыдагы коррупцияга Матраимовдун тиешеси бар экенин таап чыгышкан.

Бул иликтөөлөрдү Райымбек, Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк Ысмайыл Матраимов атындагы фонд «каралоо» деп эсептеп, үч медиага каршы сотко кайрылышкан. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, журналист Али Токтакуновдон, «Kloop» жана «24.kg» сайттарынан жалпысынан 60 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн. Кийинчерээк Матраимовдор «24.kg» сайтына койгон 15 миллиондук материалдык доосунан баш тартып, аны сот канааттандырган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты