Садыр Жапаров Айзада Канатбекованын ишин жеке көзөмөлүнө алды

  • 3 года мурун

«Кыз ала качуу, кыздарды зордоп кармоо менен аларды эркине койбой никеге турууга мажбурлоо ар дайым трагедияга алып келет», — дей айтылат Президент Садыр Жапаров Айзада Канатбекованын өлтүрүлүшү боюнча комментарийинде. Билдирүү Facebook баракчасына жарыяланды.

«Тилекке каршы, ала качуу үчүн жазалар катаалдаштырылгандыгына карабастан, уурдап кетип, мажбурлап никеге тургузуу жаштар арасында алигиче болуп келет. Бир нече жыл мурда мындай трагедия Бурулайдын башына келип, бир адам ага үйлөнөм деп ала качууга аракет кылган. Бурулай ысымы кыргызстандыктар үчүн эстен кеткис ысым катары калды. Кылмышкер жасаган иши үчүн соттолду. Бурулай болсо үй-бүлөсүнөн ажырап, бул дүйнө менен түбөлүккө коштошту. Мындай окуялар болбошу керек.

Ала качуу менен никелешүүгө мажбурлоо мыйзам чегинде катуу жазаланышы керек. Ала качууга жана жарандарды күч менен кармоого салым кошкондор үчүн кечирим болбошу керек.

Айрыкча Ички иштер министрлигинин иши жөнүндө айтып кетким келет. Коомубузда мыйзамдуулук жана тартип биринчи орунда турушу керек. Муну эч ким унутпашы кажет«, — деп билдирди Садыр Жапаров.

Ошондой эде, президен Айзаданын ишин жеке көзөмөлүнө аларын, бул каргашалуу окуяга түздөн-түз катышкандар мыйзам чегинде катуу жазаланарын кошумчалады.

Айзада Канатбекова 5-апрель күнү Бишкектин көчөрүнөн уурдалып, экин күндөн кийин сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.

Шаардык милиция кызды уурдоого шектүү, 1985-жылы туулган Замирбек Теңизбаев алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирди.

Баштапкы кабарларга ылайык, Айзаданы Бишкектеги Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар ала качышкан. Интернетке үч киши көчөдөн бир кызды күчтөп машинеге салып кеткени тартылган видео тараган. Тасма видеокөзөмөлгө жазылып калган. Кыз уурдалган учурда жолдо өтүп бараткан кишилер эч кандай реакция жасашкан эмес.

Окуядан улам коомчулукта милициянын ишине катуу сын айтылып жатат. Бишкекте жана Ошто күнөөлүүлөрдү жазалоо, мындай көрүнүштөргө жол бербөө жана ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өттү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты