Жанар Акаев: Жүздөгөн генералдары бар өлкөдө кыздын сөөгүн койчу тапты

  • 3 года мурун

Кыргызстанда жүздөгөн генералдары бар өлкө, ушундай өлкөдө койчу кыздын сөөгүн тапты. Мындай билдирүүнү депутат Жанар Акаев бүгүн парламенттин отурумунда жасады.

Парламентарий республикада кылмыштуулук өскөнүн белгиледи. «Кыргызстанда, айрыкча борбордо жана жаңы конуштарда жашоо кооптуу болуп калды, уурулуктар көбөйдү, беткапчан жана чепкен кийген жигиттер, камералардан коркпой, батирлерге күн сайын кирип жатышат, күн сайын талап-тоноочулук болуп жатат. Эгерде милиция өз убагында иштесе , мындай болмок эмес. Жакында чет элдик элчиликтер өз жарандарына «Кыргызстан эч ким озун коопсуз сезбеген, зордуктоого аракет кылган кылмышкерлердин өлкөсү деп жазышат «, — деди депутат.

Ал ошондой эле бийликти «офицер наамын ойлонбой бөлүштүрүп жатат» деп сындады. «Биздин өкмөт президент башында турган кылмыштуулукка жана зомбулукка каршы күрөшүүнүн ордуна наамдарды бөлүштүрүп жатат», — деди Акаев.

Депутат укук коргоо органдарын шалаакылыкка айыптады. «Өлтүрүлгөн кызды койчу таап алган, андан кийин гана полиция кызматкерлери кетип калышкан. Мындай көрүнүш Кыргызстанда, көптөгөн генералдары бар өлкөдө болуп жатат. Кыздын өлтүрүлүшү койчунун чакырыгынан кийин гана аныкталды», — деп кошумчалады ал.

5-апрелде Бишкектин көчөлөрүнөн уурдалган Айзада Канатбекованын сөөгү 7-апрелде табылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты