​COVID-19: 222 жаңы учуру катталып, төрт киши каза болду

  • 3 года мурун

8-апрелге карата республика боюнча сутка ичинде COVID-19 илдетинин 222 учуру катталды. Төртөө каза тапты. 111 киши айыкты.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 183
Ош шаары — 4
Чүй облусу – 24
Ош облусу — 0
Талас облусу — 0
Нарын облусу — 2
Ысык-Көл облусу – 4
Жалал-Абад облусу – 4
Баткен облусу — 1

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Коронавирустан өткөн суткада 111 киши айыгып чыкты. Айыгып чыккандардын жалпы саны 85 607 киши болду.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 89 660 кишиге жетти.

Өткөн суткада коронавирустан төрт киши каза тапты. Каза тапкандардын жалпы саны 1516 кишиге жетти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты