Бишкекте COVID-19 жуктурган бейтаптарды кабыл алган ооруканаларда бош орундар азаюуда

  • 3 года мурун

Бишкекте COVID-19 жуктурган бейтаптарды кабыл алган үч ооруканада 45 орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Бош орундардын саны күн сайын кыскарууда. 6-апрелге карата 65 орун бош болсо, 5-апрель күнү үч ооруканада 77 орун бар эле.

7-апрель саат 8:00гө карата 45 гана бош орун калган. Алар:

  • Улуттук хирургия борборунда — 6;
  • Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында — 27;
  • №2 клиникалык төрөт үйүндө — 12.

Өткөн суткада Кыргызстанда 161 киши коронавирус жуктуруп, үч бейтап каза тапкан.

Сүрөт интернеттен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты