Милиция Бишкекте ала качып кетти деген кызды издеп жатат

  • 3 года мурун

Бишкекте үч эркек ала качып кетти деген кыз эки күндөн бери изделип жатат. Бул тууралуу Биринчи май РИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Аталган окуя 5-апрель күнү эртең менен саат 7:30дар чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Кыздын эжесинин айтымында, үч бала сиңдисин кызыл түстөгү унаага салып кеткен. Бул учур жанындагы кафенин видео байкоосуна тартылып калган.

Бул иш Жазык кодексинин 175-беренеси («Адамды никеге туруу максатында уурдоо») боюнча бирдиктүү реестрге каттоого алынган.

«Учурда кыздын жана аны ала качып кетти делген белгисиз адамдардын кайда экенин тактоо боюнча ыкчам-издөө иштери жүрүп жатат», — деп айтылат билдирүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты