Экс-депутат Токтогул Туманов пневмониядан каза болду
- 3 года мурун
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Токтогул Туманов 6-апрелде пневмониядан каза болду. Бул маалыматты Республикалык клиникалык инфекциялык илдеттер ооруканасынын жетекчиси Гүлжигит Алиев тастыктады. Анын айтымында, Туманов оор абалда 1-апрелде ооруканага түшкөн, бейтап ага чейин коронавируска кабылып, он күндөй үйүндө дарыланган.
Токтогул Туманов 2010-жылы Социал-демократтар партиясынын тизмеси менен парламентке келген, Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук комитетин жетектеген.
Муну бөлүшүү