Мектеп жана бала бакчалар 12-апрелден баштап онлайн режимге өтөт
- 3 года мурун
Эпидемиологиялык жагдай жакшырганага чейин мектеп жана бала-бакчаларды аралык формасына өткөрүү боюнча чечимди Бишекетин мэриясы кабыл алды. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.
«Борбор калаада эпидемиялык абал курч, акыркы жумада Бишкекте COVID-19 жана пневмония оорулары бир аз көбөйдү. Бүгүн борбордук мэрияда шаардык өзгөчө эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиянын жыйыны болуп өттү.
Балдардын, ата-энелердин жана мугалимдердин коопсуздугу үчүн мектептерде жана бала бакчаларда билим берүү процессин 12-апрелден баштап эпидемиялык абалды жакшыртуу боюнча атайын чечим кабыл алынганга чейин аралык формасына өткөрүү чечими кабыл алынды«, — деп айтылат билдирүүдө.
14 участкалык шайлоо комиссиясы катары иштеген бала бакчаларда, билим берүү процесси 8-апрелден баштап дистанттык формага өткөрүлөт.
«Үч күндөн бери Бишкек шаары «кызыл зонада» турат. Чүй аймагы «сары зонага» кирип калды. Калган региондордо абал дурус», — деп билдирген Саламаттыкты сактоо министрлиги.