Садыр Жапаров: Апрель революциясынын эң башкы натыйжасы-демократиялык жолдун тандалып алынышы болду

  • 3 года мурун

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «бул элдик революциянын дагы бир сабагы: мамлекеттик бийликти күч колдонуп, кан төгүү жолу менен эмес, тескерисинче, тынчтык жолу менен мыйзам чегинде, таза шайлоо аркылуу чыңдоо керектигин көрсөткөнүндө», — деп билдирди 2010-жылдагы 7-апрель окуясына байланыштуу кайрылуусунда.

«Ɵткɵн бийликтердин кулашынын себеби — коом менен бийликтин ортосундагы узак убакыт бою чечилбей келаткан карама-каршылык. Адилеттикке, калыстыкка умтулуу — элибизди толкуткан, революцияга алып келген негизги күч. Март революциясы максатына жетпей калгандыктан, Апрель революциясы болду», — деп айтылат кайрылууда.

Жапаров 2010-жылы 7-апрелде «Кыргызстан калкы өзүн тарыхый процесстин жигердүү катышуучусу жана бийликтин ээси экендигин көрсөткөнүн» белгилеп, өлкө эгемен тарыхында бул «орду толгус жоготуулар коштолгон окуя болуп каларын» айтты

Жүзгө жакын кишинин өмүрүн алган апрель революциясына быйыл он бир жыл болду.

2010-жылы ошол убактагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруусуну каршы толкундоолор 7-апрелде аяктаган. Анын жыйынтыгында Бакиевдин бийлиги кулатылды. Нааразы болуп чыккандарга ок атылып, 87 киши набыт болуп, миңден ашуун адам жаракат алган. Бакиев азыр Беларуста баш калкалап жүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты