Табият сакчысы - жоопкерчиликтүү жана кооптуу кесип

  • 3 года мурун

“Султан, мен эртең менен тоого кетем. Сен кой-уйларга жаңы үймөктөн чөп салып бере бер”, — деп күүгүм талаш егерь Нуржигит Мамбеталиев малын тестиер баласына табыштап жатты.

Эртеси, таңкы саат жетиде Нуржигитти үй-бүлөөсү беш күндүк сапарга узатты.

“Кара-Суу көлүндө 2016-жылдан бери егерь болуп иштейм. Бала кезимден чоң-ата, чоң-апамдын колунда өстүм. Жайлоодо уй, бээ саап, малга жакын болуп, тоодо кийиктерди, эликтерди көрүп чоңойдум. Чоң-атам менен чоң-апам мени бала кезимден жаратылышка, жан-жаныбарга аяр мамиле кылууга үйрөтүштү. Балким, ошондон улам ушул кесипти тандадым го дейм. Жумушум өзүмө абдан жагат, жергиликтүү малчыларга, туристтерге, бул жака келгендерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жаратылышты сактоого салым кошуп келем”.





Кароолго чыгаарда аттарга туура кам көрүү зарыл

“Адатта тоого үч-төрт күнгө кетем. Күн мурун атымды даярдайм, такасын текшерип, кардан, муздан тайып кетпегендей кылып туяктарын карайм. Жубайым ошол 3–4 күнгө жеткендей тамагымды, кийимдеримди камдап берет. Анын бардыгы кылдаттык менен камдалышы зарыл себеби, биз карда, суукта жүрөбүз. Жолго чыгаар күнү таң заарда үй-бүлөм мени жылуу узатат. Үйдөгү малды балдарыма, келинчегиме табыштайм. Менин жумушум болсо тоону, жаратылышты сактамай эле болуп калды. Бардык күч аракетимди тоолорго жумшайм.

Егерлердин жумушу жаратылыш паркындагы биотехникалык иш-чараларды жүргүзүү, чымчыктарга уя жасоо, кийиктерге туз салуу, чөп байлоо, шыпыргы байлоо, жаныбарларды браконьерлерден сактоо.

“2016-жылы Чулдук, Талды-Суу деген жерден 16 эле баш кийик көрчүбүз азыр болсо, күзгү санакта алтымыштан ашык кийикти санадык. Эликтерден деле 5–6 эле жүрчү, азыр алардын саны 40тан ашты. Жан-жаныбарлар, майда арчалар көбөйдү. Кийиктер болсо малчылардан, бизден качпай калды. Айтор мурдагыга караганда айырмачылык чоң. Таштаган тузубузду, чөптөрүбүздү жешет. Чымчыктарга уя жасайбыз, кумурскалардын уясын тособуз, кийиктердин чөп жегенин көрөбүз”.

Кийиктерди, илбирстерди сүрөткө тартып калыш үчүн камералар таштардын, арчалардын арасына орнотулат.

“Кийиктерди санаш үчүн GPS колдонобуз. Бирибиз дүрбү салыбыз, экинчибиз кагазга жазып турат. Муну биздин жумуштун документи деп айтсак болот. Анткени деңиз деңгээлинен канча бийиктикте турганыбыздан тартып, координатына чейин бардыгын жазып чыгабыз”.

“Сапарга жалгыз чыкпайбыз, себеби кооптуу, жол татаал, жыгылып калсаң эч ким көрбөйт. Экинчиден, браконьерлер көп болуп калса, жалгыз алың келбейт. Чогуу иштешип жүргөн егерлер бири-бирибизди угабыз. Бардыгыбыз жаратылышты сактайлы, коргойлу деген үмүт менен жүрөбүз”.



























Кыш мезгили кооптуу

“Браконьерлерде курал болот, биздин камчыдан башка эч нерсебиз жок, өзүбүздү коргой албайбыз. Бул биздин жумуштагы эң кооптуу маселе. Топ-топ болуп жүргөнүбүздүн да себеби ушунда. Карды күрөчү шаймандарыбыз да жок болгондуктан, бутубуз менен эле жиреп, жерге кленка төшөп, анын үстүнө чатыр тигип, уктоочу мүшөктөргө жатып алабыз. Алар жылуу. Жай, жаз, күз мезгилинде көп билинбейт. Кышкысын кыйын. Аттар аябай кыйналып кетишет. Ошондуктан тоодон келгенден кийин биринчи кезекте аларды эс алдырып, анан кайра эки-үч күнгө кетебиз”.

БУУӨП ГЭФ тарабынан берилген катер егерлердин жумушун жеңилдетти.

“Бул көлдүн аянты 384,5 гектар, узуну 8 километр. Анда балыктын төрт түрү бар. Осман, пелядь балыктары бул көлдү илгертен байырлап келген, ал эми маринка менен форель 1976–77 жылдары атайын алынып келинген. Биз балык кармагандарды токтото албай кыйналчубуз. Себеби, наркы тескей бетине тор салып койюшса ат менен да, жөө да бара албай калабыз. Бирок, БУУӨП ГЭФ тарабынан бизге мотор менен жүрүүчү катер берилген. Катер менен көлдөгү бут жетпеген жерлерге коюлган торлорду тазалап алдык. Азыр суу тоңуп, көлдү муз каптап турат, жаз келгенде муздар ээрип, катер ошол жака чейин аралап бара алат. Бул катер биздин жумушту бир топ жеңилдетти. Мындан тышкары БУУӨП ГЭФ тарабанын бизге атайын кийимдер, ат жабдыктары, дүрбү, GPS, фотоловушкалар берилген”.





































“Азыр ал жака 10 күндө бир барабыз. Жол алыс, эки жолку сапардан кийин GPSти, толтурулган бланктарды, акт түзүлгөн болсо аны кошо жеткирип беребиз. Жолдун узактыгы 70 километр, анын ичинен 20 километри өтө эле татаал, таштак”.

Нуржигиттин айлыгы өзүнө эле жетет. Акчасын Токтогулга барып келгенге, атка така алганга жана тамак-ашына жумшайт.

“Бул мамлекеттик жумуш. Мага чейин эле иштеп келишкен, менден кийин да иштей беришет. Бирок, биз кеткенден кийин, өз ишине берилген, жаратылышка баласындай камкор мамиле жасагандар келсе экен деп тилек кылам. Мен жаратылыштын жок болуп кетишинен корком…”

Автор: Мунара Боромбаева

Сүрөт: БУУӨП Кыргызстан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты