​Өзбекстан менен Казакстандан үрөндүк буудай келет

  • 3 года мурун

Премьер-министр Улукбек Марипов Өзбекстан Кыргызстанга 1000 тонна буудай үрөнүн берип жатканын, анын теңи жардам экенин билдирди. Өкмөт башчы кыргыз тарап жардамдын жарымын кайра буудай менен кайтарып берерин айтты.

Ушундай эле шартта Кыргызстан Өзбекстандан 500 тонна пахта үрөнүн да алат. Мындан тышкары коңшу өлкө 10 миң тонна унду гуманитардык жардам катары кайтарымсыз тартипте бермекчи.

Мындай колдоону Казакстан да көрсөткөнү турат.

«Казак боордоштор да 1000 тонна үрөндү күздүк буудай себүүгө жардам катары берип жатышат», — деди Марипов.

Улуттук статистика комитетинин 25-мартта берген маалыматына ылайык өлкөдө жогорку сорттогу буудай уну 48,45 сомдон, ал эми биринчи сорттогу буудай уну 38,97 сомдон сатылып жатат. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жогорку сорттогу ун 13,2%, биринчи сорттогу ун 10,8% кымбаттады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты