Кыз ала качууга шектелген жаран кармалды

  • 3 года мурун

Ысык-Көл облусунан Бишкекке кыз ала качууга шектелген 22 жаштагы жаран кармалды.

Бул тууралуу Бишкек кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Кабарлагандай, 2-апрелде болжолдуу саат 23:40та Бишкек милициясына кыз ала качуу жөнүндө маалымат түшкөн.

Милиция кызматкерлери айтылган дарекке барганда 25 жаштагы Ж.Д. аттуу кыз чала таанышы ала качып келгенин айтып, бул тууралуу арыз жазган.

Кылмышка шектүү 22 жаштагы Б.К. кармалып, Бишкектин Октябрь ИИБине алынып келинди. Бул факт кылмыш жана жоруктардын бирдктүү реестрине катталды.

2019-жылы кабыл алынган Жазык кодексинин 175 — беренесинде Кыргызстанда кыз ала качуу 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат. Андан тышкары өспүрүм кызды мажбурлап никеге тургузгандар 200 000 сом өлчөмүндө айып тартат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты