​​«Нарын» эркин экономикалык аймагы «Хоргос» менен кызматташат

  • 3 года мурун

«Нарын» эркин экономикалык аймагы жана Казакстандагы «Хоргос» эл аралык чектеш кызматташтык борбору ортосунда кызматташуу тууралуу биргелешкен меморандумга кол коюлду.

Ошондой эле аймактар аралык форум өткөрүү макулдашылды. Мындай маалымат өкмөттүн сайтында жарыяланды. Бирок кызматташуунун жол-жобосу тууралуу кенен маалымат берилген жок.

2020-жылдын башында “Нарын” эркин экономикалык аймагынын демилгеси менен Ат-Башыдагы Кытай менен чектеш аймакка бажы-логистикалык комплекс куруу пландалган. Айрым экономисттер «Ат-Башы» терминалы Казакстандын Кытай менен чектешкен жериндеги «Хоргос» соода борборуна атаандаш хаб болорун белгилешкен.

Долбоордун жалпы наркы 280 миллион долларга бааланып, ага кытай ишкери түз инвестиция салары айтылган.

Долбоор ишке ашса, Кытайдын товарлары ошол жерден бажылык тариздөөдөн өтмөк. Бирок жергиликтүү тургундардын каршылыгы менен келишимдер жокко чыгарылган.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты