​Хакерлер «Фейсбуктун» 500 миллиондой колдонуучусунун маалыматтарын ачыкка чыгарышты

  • 3 года мурун

«Фейсбуктун» 500 миллиондон ашуун колдонуучусунун жеке маалыматтары хакердик ачык форумга жарыяланып кетти. Insider билдиргендей, кеп жүздөн ашуун өлкөнүн колдонуучулары жөнүндө болуп жатат.

Бул телефон номерлер, биографиялык маалыматтар, электрондук почталардын даректери.

АКШда 32 миллион, Британияда 11 миллион, Индияда 6 миллиондон ашуун колдонуучунун жеке маалыматтары жарыяланган.

Хакерлер жарыяланган маалыматтарга бир нече жыл мурун ээ болушкан.

«Фейсбуктун» администрациясы жеке маалыматтардын тарап кетиши боюнча комментарий бере элек.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты