​Жапаров Алай районуна көчүп келген Памир кыргыздары менен жолугушту (Фоторепортаж)

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-апрелде, Ош облусунун Алай районундагы Талды-Суу айылына Ооганстандын Кичи жана Чоң Памир аймактарынан көчүп келген этникалык кыргыздар менен жолугушту.

Өкмөт Талды-Суу айыл өкмөтүнөн этникалык кыргыздар үчүн турак жай курууга жер бөлүп бергендиги маалымдалды.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет тарабынан Талды-Суу айылына 11 үй курулуп, аларга 17 үй-бүлө жайгаштырылып, үй тиричилигине жана азык-түлүгүнө жардам көрсөтүлгөн.

Президент ошондой эле көчүрүлүп келип жайгаштыруу мерчемделип жаткан Памирде калган афгандык кыргыздарга Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылындагы Бурган-Суу участкасына турак жайларды куруу долбоору менен таанышты.

Мамлекет башчысы жергиликтүү бийлик органдарынын көңүлүн памирликтер үчүн бирдиктүү конушка зарыл болгон жер тилкелерин тезинен трансформациялоого бурду, конушка билим берүү жана социалдык мекемелердин курулушу сөзсүз каралышы зарылдыгын белгиледи.

Ал бул маселени иштеп чыгууну быйыл баштоо керектигин кошумчалады.

Памирлик кыргыздар менен болгон баарлашууда Садыр Жапаров калган афган кыргыздарын ушул жылдын кыш мезгилине чейин өз Мекенине көчүрүү ниети жөнүндө айтты — бул үчүн мамлекетте жетиштүү күч жана каражаттар бар.

Садыр Жапаров 4-5-апрелде Баткен жана Ош облустарына жумушчу сапар менен барды.

Сүрөттөр: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты