​COVID-19: 172 киши чалдыкты. Төртөө каза тапты

  • 3 года мурун

4-апрелге карата республика боюнча сутка ичинде COVID-19 илдетинин 172 учуру катталды. Төртөө каза тапты.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек – 124;
Ош – 2;
Чүй облусу – 33;
Ош облусу – 1;
Талас облусу – 1;
Нарын облусу – 0;
Ысык-Көл облусу – 10;
Жалал-Абад облусу – 1;
Баткен облусу – 0.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 8 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Коронавируска чалдыккан медициналык кызматкерлердин саны 4266га жетти.

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Коронавирустан өткөн суткада 87 киши айыгып чыкты. Айыгып чыккандардын жалпы саны 85 164 киши болду.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 89 014 кишиге жетти.

Өткөн суткада коронавирустан 4 киши каза тапты. Каза тапкандардын жалпы саны 1506 кишиге жетти.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты