COVID-19: 142 кишиге жукту. Экөө каза тапты

  • 3 года мурун

3-апрелге карата республика боюнча сутка ичинде COVID-19 илдетинин 142 учуру катталды. Эки бейтап каза болду. 8 медициналык кызматкерге жукту.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек – 90;
Ош – 0;
Чүй облусу – 44;
Ош облусу – 0;
Талас облусу – 0;
Нарын облусу – 0;
Ысык-Көл облусу – 7;
Жалал-Абад облусу – 0;
Баткен облусу – 1.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 8 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Коронавирустан өткөн суткада 98 киши айыгып чыкты. Айыгып чыккандардын жалпы саны 85 077 киши болду.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 88 842 кишиге жетти.

Өткөн суткада коронавирустан 2 киши каза тапты. Каза тапкандардын жалпы саны 1502 кишиге жетти.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты