​Бахтияр Шакировдун өлүмүнүн себеби териштириле баштады

  • 3 года мурун

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакировдун өлүмүнүн себебин териштире баштады.

Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Улан Жумаков окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын, Ленин райондук милиция бөлүмү иликтеп жатканын «Азаттыкка» билдирди.

-Экспертиза дайындалды, анын жыйынтыгына жараша толугураак маалымат кийин берилет,- деди Жумаков.

Бахтияр Шакиров 1-апрелге караган түнү Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна дарыларын көтөрүп барып, ийне сайдыргандан кийин көз жумган.

Саламаттык сактоо министринин мурдагы кеңешчиси Елена Баялинова Фейсбук баракчасына маркумдун жакындарына шилтеме кылып Шакиров COVID-19 илдетине каршы вакцина алганын жазган. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги бул маалыматты төгүндөгөн жана маркумдун ысмы эмдөөдөн өткөндөрдүн тизмесинде жок экенин билдирген.

Кыргызстан коронавируска каршы эмдөөнү 29-мартта Кытай берген SinoPharm вакцинасы менен баштаган. Планга ылайык биринчи этапта медкызматкерлер, күч кызматкерлери, мугалимдер жана соцкызматкерлер эмделет. Дипломатиялык мекеме өкүлдөрү бул тайпага кирбейт.

Сүрөттө: Бахтияр Шакиров.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты