​“Референдумга “Макул” бир үгүт тобу фондуна 6 млн сомдон ашуун каражат салды

  • 3 года мурун

БШКнын контролдук-текшерүү тобу 2021-жылдын 26-мартына карата 15 “макул” жана “каршы” үгүт топтордун ичинен 15и эки банк – “РСК Банк” жана “Айыл Банкта” атайын эсептерин ачып, референдум фондуларын түзгөнүн билдирет.

БШКнын контролдук-текшерүү тобу 2021-жылдын 9-январына карата банк маалыматтарынын негизинде 2 “макул”үгүт топтун фондусуна каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берди.

№11 “Макул” үгүт тобунун фондуна 6 167 150 сом келип түшкөн. Анын 1 701 655 сому чыгымдалган.

№12 “Макул” үгүт тобунун фондуна 100 сом түшкөн.

Башка “макул” жана “каршы” үгүт топтордун референдум фондуларында атайын эсептериндеги каражаттардын кыймылы азырынча жок.

Конституция долбоорун кабыл алуу боюнча референдум 11-апрелде өткөрүлөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты