​Бир күндө үч жолу жер титиреди

  • 3 года мурун

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 31-мартта Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында 31-мартта үч ирет жер титиреди.

  • 31-мартта саат 07:43тө Кыргызстан жана Өзбекстан чектешкен аймакта очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Талас облусунун Кара-Буура районунун Көк-Сай, Шекер жана Кара-Сай айылдарында — 3 баллга чейин сезилген.
  • 31-мартта саат 12:11де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Кара-Кулжа районунун Сары-Булак, Тогуз-Булак, Сары-Күңгөй айылдарында жана Алай районунун Кара-Жыгач, Кең-Жылга айылдарында — 2,5 баллга чейин сезилген.
  • 31-мартта 22:25те Кыргызстан жана Өзбекстан чектешкен аймакта очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Баткен облусунун Кадамжай районунун Өтүкчү жана Бөжөй айылдарында — 3 баллга чейин, Кызыл-Коргон, Совет айылдарында – 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иллюстрациялык сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты