Казакстандын вице-премьери: Кыргызстан суу берүүнү токтотпойт

Казакстандын вице-премьери: Кыргызстан суу берүүнү токтотпойт

Казакстандын айыл чарба министри Аскар Мырзахметов Кыргызстандын Казакстанга суу берүүгө чек коюу мүмкүнчүлүгү тууралуу мурдагы кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин сөзүнө комментарий берди.

Ал бир нече өлкөнүн аймагы аркылуу өткөн дарыяларды колдонуу боюнча эл аралык эрежелерге ылайык, Кыргызстан мындай чечимди бир жактуу кабыл ала албай турганын парламентте журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

«Кыргызстан ал эрежелерди сакташы керек», — деди Мырзахметов.

Жума күнү кызматын тапшырып берген Алмазбек Атамбаев 20-ноябрдагы жыйынтыктоочу маалымат жыйынында Казакстан 2010-жылы «блокада» уюштурганын, анда жагдай Кыргызстан Казакстанга суу берүүгө чектөө койгондо чечилгенин айткан.

Октябрь айында Казакстан чек арада текшерүүнү күчөткөндөн бери эки тараптын ортосунда бир нече жолу кайчы пикирлер айтылды. Өткөн айда Кыргызстан Казакстандын чегине жакын жайгашкан Киров суу сактагычынан план боюнча суу агызган. Казак тарап суу агызуу макулдашылганын билдирген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты