​Калидавир препараты ВИЧ ооруларына чалдыккандар үчүн колдонула тургандыгы — чын (Фактчекинг)

Калидавир препаратынын аналогу антивирустук дарылардын катарын толуктайт. Бул антивирустук дары болгону менен COVID-19ду дарылоодо эч кандай жардамын бере албайт. Бирок, ага карабастан коронавируска каршы күрөшүүгө бөлүнгөн акчанын эсебенин бул дарылар сатылып алынган.

Кызыгы, аталган дары-дармек коронавирусту дарылоодо колдонулбайт.

Калидавир антивирустук дарылардын катарын толуктаганы менен ал СПИД/ВИЧ ооруларына чалдыккандар үчүн колдонула тургандыгы тууралуу “7 канал” атайын репортаж даярдаган.

ПолитКлиника медиасы медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Министрлик 3,5 миллион сомго калидавир дарысынын аналогун сатып алган

COVID-19 биринчи толкуну учурунда Саламаттыкты сактоо министрлиги мамлекетке 3,5 миллион сом зыян келтирген. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирген.

Коронавируска каршы күрөшүүнүн алкагында, Дүйнөлүк Банктын каражаттарынын эсебинен башка дары-дармектер менен катар Лопинавир / Ритонавир дарысы сатып алынгандыгы, кийин ал COVID-19ду дарылоо үчүн түзүлгөн протоколдон алынып салынгандыгы аныкталган. Ага чейинки протоколдо калидавир дарысынын аналогу ритонавир/лапинавир дарылары болгон.

Клиникалык протоколдун үчүнчү версиясына ылайык, калидавир дарысын COVID-19ду дарылоодо колдонууга болбойт

Бирок, буга карабастан, Саламаттыкты сактоо министрлиги 2020-жылдын 13-апрелинде шашылыш муктаждыкты эске алып, буга чейин республикалык бюджеттин эсебинен Калидавир (аналогу) дарысын 3,5 миллион сомго сатып алган.

Жеткирилген учурдан тартып, ушул дары-дармек кампада толук көлөмдө, ооруканаларга максаттуу пайдалануу үчүн бөлүштүрүлгөн эмес.

Убактылуу клиникалык көрсөтмөлөрдүн үчүнчү версиясына ылайык, Лопинавир / Ритонавирди COVID-19ду дарылоодо колдонууга болбойт.


















ДССУ лопинавир / ритонавир COVID-19га каршы таасир бербей тургандыгын билдирген

2020-жылдын 15-октябрында, «Solidarity» изилдөөсүнүн убактылуу жыйынтыктары жарыяланган. Изилдөөгө алынган төрт дары-дармектин тең (ремдесивир, гидроксихлорохин, лопинавир / ритонавир жана интерферон) жалпы өлүмгө, желдетүү талаптарынын башталышына же ооруканада жаткан бейтаптарда ооруканада болуу узактыгына таасири аз же таптакыр жок.

Бул алдын-ала сыноонун натыйжалары клиникалык практика стандарттарына салыштырмалуу ооруканага жаткырылган COVID-19 пациенттеринин өлүм көрсөткүчүнө гидроксихлорохиндин жана лопинавирдин / ритонавирдин таасири аз же таптакыр жок экендигин көрсөткөн.

Ошондой эле 2020-жылдын 4-июлунда ДССУ «Solidarity» Эл аралык Жетектөө Комитетинин гидроксихлорихин жана лопинавир / ритонавир дарыларына болгон сыноолорду токтотуу боюнча сунушун кабыл алган.

Калидавир препараты ВИЧке каршы колдонулат

Клиникалык жана фармакологиялык тобу: ВИЧке каршы активдүү, вируска каршы дары.

Фармако-терапиялык топ: ВИЧке каршы

Лопинавир — адамдын иммундук жетишсиздик вирусунун ВИЧ-1 жана ВИЧ-2 протеазынын ингибитору жана ушул айкалыштын вируска каршы активдүүлүгүн камсыз кылат. ВИЧ протеазаларынын ингибирлениши вирустук белоктордун синтезделишине тоскоол болуп, гаг-пол полепептидинин бөлүнүшүн алдын алат. Бул вирустун жетиле элек жана жуктура албай калышына алып келет.

Ритонавир — CYP3A4 изоферментинин жардамы менен боордогу лопинавирдин метаболизмин басаңдатып, кан плазмасында лопинавирдин концентрациясынын көбөйүшүнө алып келет. Ритонавир ошондой эле ВИЧ протеазынын ингибитору.

Эксперт калидавир препараты ВИЧке каршы колдонулаарын тастыктайт

Медицана тармагындагы эксперт Бермет Барктабасованын айтымында, калидавир препаратынын аналогу лопинавир / ритонавир дарылары ВИЧке каршы колдонулуучу дары-дармек.

Саламаттыкты сактоо министрлиги COVID-19га эч кандай таасир бербеген калидавир дарысынын аналогу деп эсептелген лопинавир / ритонавир дарыларын сатып алышты. Ал дарылар ВИЧке каршы колдонулат. COVID-19га эч кандай таасирин тийгизбейт. Азыр ал дарылар кампада жөн эле сакталып турат”, — дейт Бермет Барктабасова.


Жыйынтык: Саламаттыкты сактоо министрлиги сатып алган калидавир препаратынын аналогу лопинавир / ритонавир дарылары COVID-19да дарылоого эч кандай жардамын бербейт. Калидавир препаратынын ВИЧ ооруларына чалдыккандар үчүн колдонула тургандыгы — чын.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты