Дарья Маслова менен Мария Коробицкая Ташкенттеги марафондо алтын медалга татыктуу болду

  • 3 года мурун

28-февралда Ташкент шаарында өткөн жарышта кыргызстандык жөө күлүктөр ийгиликке жетишти. Жөө күлүк кыздарыбыз Дарья Маслова менен Мария Коробицкая алтын медалга ээ болду. Ошондой эле кыргызстандыктар Илья Тяпкин күмүш жана Гүлшана Сатарова коло медаль алууга жетишти.

Дарья Маслова 21, 1 км аралыктагы жарым марафондо чуркап, алтын медалды жеңип алса, Гүлшана Сатарова коло медалга жетишти.

Марина Коробицкая 42,1 км чуркап, биринчи орунду, алтын медалды жеңип алды.

Кыргызстандык дагы бир жөө күлүк Илья Тяпкин 42,1 км чуркап, күмүш медалга татыктуу болду.

Сүрөттө: Мария Коробицкая. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты