Экс-президент Алмазбек Атамбаевге «Кыргыз Эл Баатыры» наамы берилди

Экс-президент Алмазбек Атамбаевге "Кыргыз Эл Баатыры" наамы берилди

Мамлекет башчылык кызматка жаңы киришкен Сооронбай Жээнбеков экс-президент Алмазбек Атамбаевге “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын берүү боюнча жарлык чыгарды.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү тараткан кабарга караганда, мындай наам Атамбаевге «элге сиңирген көөнөрбөс эмгеги үчүн, Кыргызстандын мамлекеттик эгемендигин, элдин биримдигин, өлкөдөгү тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоого, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн бекем негизин түзүүгө зор салым кошкондугу, ошондой эле саясий эркти жана эрдикти көрсөткөндүгү үчүн» берилгени жазылган. Мамлекет башчынын жарлыгына ылайык, экс-президентке “Ак шумкар” өзгөчө белгиси да тапшырылат.

Сооронбай Жээнбеков 24-ноябрда ант бергенден кийин сүйлөгөн сөзүндө президенттик кызматка киришкенден кийинки биринчи жарлыгы экс-президент Алмазбек Атамбаевге эң жогорку «Ак шумкар» сыйлыгын берүү болорун айткан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты