​Пакистандын премьер-министри Имран Хан “Sinopharm” вакцинасы менен эмделгенине карабай ооруп калган (Фактчекинг)

16-март күнү, informator.kg интернет сайтында Пакистандын премьер-министри Имран Хан Covid-19 илдетине каршы Кытай өндүрүшүнөн чыккан Sinopharm вакцинасы менен эмделгенине карабай, коронавирус менен кайра ооруп калды деген маалымат жарыяланган. Маалыматта, Sinopharm вакцинасы Пакистандыктар пайдаланып жаткан коронавирус илдетине каршы алгачкы вакцина экени айтылган.

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Sinopharm вакцинасы

Covid-19 илдетине каршы Кытай Эл Республикасында бир канча вакцина клиникалык изилдөөдөн өткөн. Алардын ичинен, Sinopharm, Sinovac жана CanSino аттуу 3 вакцина эффективдүү деп эсептелип, Кытайдын өзүндө жана бир канча мамлекетте колдонула баштаган.

Бүткүл Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун вакциналардын статусун белгилеген индекси жана эффективдүүлүгүнүн рейтинги боюнча Sinopharm бешинчи орунда экени белгиленип, эффективдүүлүгү 79,34% деп бааланган.

Бул вакцинаны сыноолордун үчүнчү фазасы он өлкөдө, анын ичинде Бириккен Араб Эмирлиги, Бахрейн, Перу, Сербия, Марокко, Аргентина, Иордания жана Пакистанда жүргүзүлгөн.

Бирок, компания үчүнчү баскычтын сыноолору жөнүндө пресс-релиздерден жана майнаптуулугунун көрсөткүчтөрүнөн тышкары рецензияланган медициналык журналдарда жарыялаган эмес. Ушундан улам дүйнөлүк эксперттер жана эпидемиологдор анын натыйжалуулугунан шек санашкан.

Бул тууралуу Оксфорд университетинин эпидемиологу Чжэнмин Чен “Sinopharm вакцинасынын канчалык жакшы таасир этээрин айтуу кыйын», — деп билдирген.

Азыркы учурда, Sinopharm вакцинасынын 43 миллион дозасы 40 тан ашуун мамлекетке жөнөтүлүп, 2021-жылдын аягына чейин өндүрүлгөн вакциналардын өлчөмү 610 миллион дозага жетээри айтылууда.

“Имран Хан Covid-19 илдетин, эмдөөгө чейин жуктуруп алган”

20-март күнү, Пакистандын Саламаттыкты Сактоо министри жана Имран Хандын медициналык кызматтар боюнча атайын жардамчы Фейсел Султан Твиттердеги баракчасына билдирүү калтырган.

Маалыматта, “Премьер-министр Имран Хан Covid 19 илдетин жуктуруп алды. Ал азыркы учурда үйүндө изоляцияда даарыланууда”, — деп айтылат.

Ал эми, Пакистандын Саламаттыкты Сактоо министрлиги эмдөөдөн кийин вируска каршы имунитетке ээ болуу үчүн бир нече жума талап кылынаары жана вакцинанын эффективдүүлүгүн премьер-министрдин мисалында гана карабоо керектигин айтышкан:

“Премьер-министр Имран Хан вирусту жуктуруп алганда толук эмдөөдөн өткөн эмес. Ал 1-дозаны18-мартта алган жана эмдөө 2 күн мурун эле болгон. Бул убакыт вакцинанын натыйжалуу болушу үчүн эрте. Анткени, вируска каршы иммунитет адамдын организминде 2-эмдөөдөн кийин 2-3 жуманын аралыгында пайда болот”, — деп жазган Пакистандын Саламаттыкты сактоо министрлиги.

Ошондой эле, премьер-министрдин жардамчысы Шахбаз Гиллдин жергиликтүү маалымат агенттиктерине берген маегинде, премьер-министр Sinopharm вакцинасы менен эмделе элекке чейин, коронавирус жуктуруп алган болушу мүмкүн экендигин билдирген. Ал анын себеби катары, Имран Хандын жолугушууларга, анын ичинде Пакистандын борбор шаары Исламабаддагы масштабдуу конференцияларга беткапсыз катышканы себеп болушу мүмкүн экендигине токтолгон.

Белгилей кетсек, Пакистанда 10-марттан баштап жалпы эмдөө башталган. Өлкөдө, Sinopharm менен катар Cansinobio жана Oxford-AstraZeneca вакциналарын колдонууга уруксат берилген.

“Эмдөөдөн кийин бир эки күндөн кийин эле, вируска каршы антитело пайда болбойт”

Кытай Эл Республикасы тарабынан өндүрүшкө чыгарылган Sinopharm вакцинасынын официалдуу сайтында, аталган вакцина менен эмдөө эки этаптан тураары жазылган. Биринчи вакцина сайылгандан кийин экинчи дозаны 21 күндөн кийин алуу керектиги тууралуу көрсөтмө берилген.

Ал эми, Sinopharm компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Лю Джингчжэн аталган вакцинанын эки дозасын тең алган адамдарда вируска каршы 100% га чейинки иммундук система орной турганын айткан:

«SinoPharm вакцинасынын биринчи дозасын алуу, адамга илдеттен коргонуу үчүн 97%га чейин кепилдик берет. Бирок, антителолор жай иштелип чыккандыктан, болжолдуу түрдө жарым айда организмдин Covid-19 га каршылык көрсөтө ала турган деңгээлге жетет. Ал эми вакцинанын 2 дозасын алган адамдарда вируска каршы коргоонун кепилдикти 100%га жетет”, — деп билдирген.

Белгилей кетсек, азыркы убакка чейин, дүйнө жүзүндө коронавирус илдетине каршы 130 дан ашуун вакцина сунушталган. Алардын арасынан, Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму бир канча вакцинанын колдонулушуна уруксат берген. Ага байланыштуу окумуштуулар, Covid-19 илдетине каршы вакцина алгандан кийин, адамдын организминде канча убакытта антителолордун пайда болоору тууралуу анализдерди жүргүзүшкөн.

“Seattle COVID Studies” институтунун жүргүзгөн изилдөөдөө, 1 ай мурда

Covid- 19 менен ооруп айыгып, вакцина алган 10 адам изилденген. Изилдөөдө, вакцинациядан эки-үч жумадан кийин алынган кандын курамында, эмдөөдөн мурун чогултулган үлгүлөргө салыштырмалуу антителолордун көлөмү бир топ көбөйгөнүн байкашкан.

Ошондой эле “Annals of internal Medisine” журналына чыккан макалада, коронавируска каршы эки дозаны тең алуунун маанилүүлүгү изилденген. Анткени эмдөөнүн биринчи дозасын алган адамдарга караганда, экинчи дозасын дагы алгандарда 40% дык оорудан коргоонун кепилдигине ээ болоору тастыкталган.

Ал эми, Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо уюму коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндөн кийин дагы, экинчи жолу илдетти жуктуруп алуу коркунучу бар экенин эскерткен. Маалыматта, эч бир вакцина коронавирустан коргоодо 100%дык кепилдик бере албай турганы айтылат.

Мындан сырткары, 17-март күнү, “Lancet” илимий журналына жарыяланган макалада, коронавирус менен ооруп айыккан 4 миллион адамдын арасынан, кайра экинчи жолу бул илдетти 0,65% адам жуктуруп алганы белгилүү болгон. Экинчи ооруп калгандардын көпчүлүк бөлүгүн 65 жаштан жогоркулар түзгөнү тастыкталган.

Кытай вакцинасы жана Кыргызстан

19-мартта Кыргызстанга гуманитардык жардам иретинде Кытай Эл Республикасынын «China Biotekchnology Co LTD» компаниясы иштеп чыккан «SinoPfarm» вакцинасынын 150 миң дозасы келген.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, бул партиядагы вакцина 75 миң адамга жетет. Алгач вакцина көп сандагы адамдар менен иштегендерге, атап айтканда, медик, мугалим, чек арачыларга сайылаары жана андан соң өнөкөт илдети бар жана 65 жаштан өйдөңкү кыргызстандыктар эмделээрин билдирген.

Белгилей кетсек, COVAX дүйнөлүк альянсынын алкагында Кыргызстанга 504 миң доза AstraZeneca вакцинасы жана 500 миң доза Россиянын “Спутник V” вакцинасы берилээри айтылган.

Жыйынтык: Пакистандын Премьер Министри Имран Хандын кытайлык “Sinopharm” вакцинасы менен эмделгенден кийин коронавирус менен ооруп калганы чын. Бирок, бул вакцинанын эффективсиздиги менен түздөн-түз байланыштуу болгон эмес. Анткени эмдөөдөн кийин, вируска каршы күрөшүүчү антителолордун жетиштүү өлчөмдө пайда болуусу үчүн жарым ай убакыт талап кылынат

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты