​Өкмөт Орусиядан өз баасында кумшекер менен өсүмдүк майын алып келет

  • 3 года мурун

Кыргызстан азык-түлүк базарындагы бааны турукташтыруу максатында Орусиядан кумшекер жана өсүмдүк майын өз баасында сатып алып, апрель айында өлкөгө алып келгени жатат.

Бул тууралуу 25-мартта “Азаттык” радиосуна Айыл, суу чарбасы жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Темиржан Мааткеримов билдирди:

“500 тонна өсүмдүк майы жана 3000 тонна кумшекер жеткирүү боюнча келишимдер түзүлдү”.

Май жана кумшекер материалдык резервдер боюнча мамлекеттик фонддун кампасына келип түшөт.

Соңку бир жылда Кыргызстанда азык-түлүк эки эседен ашуун кымбаттады.

Премьер-министр Улукбек Марипов 12-мартта КТРКга курган маегинде азык-түлүк баасын арзандатуу үчүн бюджеттен акча бөлүнгөнүн билдирген. Марипов кымбаттоону Кыргызстандын ички базарынын импортко көз карандылыгы менен түшүндүргөн.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты