​Өкмөт үйүнүн алдында «ТЭЦ-2» конушунун тургундарынын митинги өттү

  • 3 года мурун

Өкмөт үйүнүн алдында жүздөн ашуун киши чогулду. Алар өзүлөрүн Бишкектин четиндеги “ТЭЦ-2 конушунун тургундары экенин, курулган үйлөрүн мыйзамдаштыруу маселеси 15-16-жылдан бери чечилбей жатканын айтууда.

Митингчилер колуна «ТЭЦ-2» конушун мыйзамдаштырып бериңиз”, “Мыйзамдуу мамлекетте жашагыбыз келет”, «»ТЭЦ-2» конушунда 6000ден ашуун карапайым эл жашайбыз” деген жазууларды кармап турушат жана президент Садыр Жапаровго кайрылган ураандарды айтып жатышат.

Бишкектин четинде элүү чакты жаңы конуш бар. Алардын көпчүлүгүнүн инфраструктуралык маселеси чечилген эмес жана курулган үйлөрдүн документи жок.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты