​Кыргызстан 1-марттан бери Өзбекстан менен Казакстандан 120 млн кВт/саат электр энергиясын алды

  • 3 года мурун

Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев 24-мартта Жогорку Кеңеште депутаттардын суроосуна жооп берип жатып «Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмү кооптуу чекке жетти» деп билдирди.

«Кооптуу чектен чыгыш үчүн 1 миллиард кВт саат электр энергиясын сырттан алып келишибиз керек эле. Бул боюнча Казакстан, Өзбекстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. 1-марттан баштап электр энергияны тыштан ала баштадык. Бүгүнкү күндө 120 миллион кВт саат электр алдык. Мындан тышкары, сууну өз деңгээлине чыгаруу үчүн Бишкек ЖЭБинде өндүрүлгөн электр энергиянын көлөмүн көбөйтүү пландалууда» деди министр.

Токтогул гидроэлектр станциясын (ГЭС) камсыздоочу суу сактагычтагы суунун көлөмү 2021-жылдын 24-мартына карата 8 млрд. 788 млн. куб метрди түзүп турат.

«Электр станциялары» ишканасынын расмий сайтындагы маалыматка ылайык Токтогул суу сактагычына секундасына 100 куб метр суу агып кирип, 401 куб метр суу чыгууда.

Расмий маалыматтарда айтылгандай, 2017-2018-жылдары «Токтогул» ГЭСиндеги суунун көлөмү күз-кыш мезгилине 19,2-19,6 млрд. куб метр менен кирген. 2019-жылы жайда 16 млрд. куб метр суу болсо, күзгө чейин ал 17 млрд. куб метрге жеткен.

2007-2008-жылдары «Токтогулдагы» суу 7-8 млрд. куб метрге чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген. Суу 6 млрд. куб метрге түшсө, ГЭС авариялык абалга кабыла турганын энергетиктер эскертишет.

Токтогул ГЭСи Кыргызстанда электр жарыгынын 33% өндүрөт. Суу сактагычка 19 млрд. куб метр суу батат.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты