​Кореянын белгилүү закускасы “кимчи” COVID-19дун өсүү тобокелдигин азайтат (Фактчекинг)

Берлиндин Чарит университетинин профессору Жан Бускет жетектеген окумуштуулар тобунун изилдөөсүнө ылайык, салттуу корей тамак-ашы кимчи коронавирустун олуттуу татаалдашуу коркунучун азайтат.

Көрсө, кимчинин курамында сиңирүү үчүн пайдалуу лактобактериялар көп. Ошондой эле, антиоксиданттарды жана иммунитетти бекемдеп, COVID-19дун өнүгүшүнө тоскоол болгон заттар бар экендигин маалымдашкан.

Пульмонологго мындай изилдөөнүн идеясы Түштүк Корея жана Түндүк-Чыгыш Азиядагы COVID-19дан каза болгондордун саны эмне үчүн аз экендигин изилдөө үчүн келген.

Белгилүү болгондой, аталган аймактын жашоочулары көптөгөн татымалдарды жана ачытылган жашылчаларды жешет. Бул факт окумуштууларды алардын адам организмине тийгизген таасирин изилдөөгө түрткөн.

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.


«Кимчи» Кореялык белгилүү ферменттелген азык

Кимчи Кореядагы эң маанилүү салттуу ачытылган азыгы. Ал Япония, Кытай сыяктуу Чыгыш Азиянын башка өлкөлөрүндө эң көп колдонулган азык. Бул ачытылган тамак-аш азыктары батыш өлкөлөрүндө да популярдуу болуп, дүйнө жүзү тарабынан жакшы бааланат.

Кимчи даярдоодо колдонулган ар кандай чийки зат аны өндүрүү үчүн сүт кислотасын ачытып колдонуу уникалдуу кылат. Бул сорт органолептикалык интенсивдүүлүгүн күчөткөн бир катар өнүмдөрдү жаратат. Бул аны жаш курагына жана ар кандай даамга ылайыкташтырат.

Ферменттелген жашылчалар жана Кимчи

Берлиндин Чарит университетинин профессору Жан Бускет жетектеген окумуштуулар тобунун изилдөөсүнүн 9-бөлүгүндө COVID-19га ферменттелген жашылчалар менен кимчинин тийгизген таасири тууралуу жазылган.

Изилдөөнүн жыйынтыгында, ферменттелген жашылчаларды көп колдонгон өлкөлөр, COVID-19 аз катталган өлкөлөрдүн катарын толуктаары белгилүү болгон. Ачытылган жашылчалар COVID-19ду татаалдаштыруу коркунучун азайтат.

Ферменттелген жашылчалардан, айрыкча капустадан ачытылган кимчи инсулин менен байланышкан ооруларга оң таасирин тийгизет. Мисалы, диабетке, жүрөк-кан тамыр ооруларына, дислипидемия ооруларына карата оң таасирин тийгизет.

Кимчи узак убакытка чейин ачыганда, инсулинге болгон чыдамсыздыкты жаңы кимчиге караганда кыйла төмөндөтөт.

Ачытылган жашылчаларда көптөгөн лактобактериялар, ошондой эле күчтүү Nrf2 активаторлору бар. Ачытылган капуста COVID-19 оорчулугун азайтууга жардам берүүчү Nrf2 ‐ антиоксидант таасирин күчөтө турган тамак-аш болуп саналат.

Ачытылган азыктарды колдонгондор үчүн, COVID-19дан өлүп калуу коркунучу 35,4% га төмөндөгөн

Саламаттыкты сактоо илимдери үчүн алдын ала басып чыгаруучу серверинде BMJ, Yale, “Cold Spring Harbor” лабораториялары биргелешип жасаган изилдөө жарыяланган.

Изилдөөнүн жыйынтыгында, COVID-19дан каза болгондордун саны аз катталган өлкөлөрдүн айрымдары ачытылган тамактарды башка өлкөлөргө салыштырмалуу көп колдонушкан өлкөлөр экендиги аныкталган.

Европанын азык-түлүк коопсуздугу боюнча органы ачытылган жашылчаларды, маринаддалган жашылчаларды, ачытылган сүттү, айранды жана кычкыл сүттү изилдөө үчүн колдонушкан.

Жыйынтыгында, жогорудагы бардык азыктардын ичинен бир гана ферменттелген азыктар статистикалык мааниге ээ болуп, COVID-19дун өнүгүшүнө тоскоолдук жаратуучу катары аныкталган.

Натыйжада, ачытылган азыктарды колдонгон адамдар үчүн COVID-19дан өлүп калуу коркунучу 35,4% га төмөндөгөн. Эске салсак, Кореянын азыгы кимчи ферменттелген азыктардын катарын толуктайт.

Кимчи коронавирус менен болгон инфекцияны азайтат

Ал эми Дүйнөлүк Кимчи Изилдөө Борборунун Башкы Директору Чой Хак Джонг кимчи жегенде коронавирустун жугушу азаярын билдирген.

Биздин изилдөө борбору кимчи жегенде коронавирусту жуктуруп алуу коркунуч азаярын билдирди. Изилдөөнүн оң натыйжаларында кимчиде иммунитетти көтөрүп, ичегинин иштешин жакшырта турган пробиотиктер бар экендиги аныкталган. Кимчи S2 белогунун суб-бирдиктеринин санын азайтууга жардам берет. Демек, коронавирус менен болгон инфекцияны азайтат”, — дейт Чой Хак Джонг.

Жыйынтык: Кимчи Кореянын белгилүү ферменттелген азыгы экени белгилүү. Изилдөөлүрдүн жыйынтыгында, бир гана ферменттелген азыктар статистикалык мааниге ээ болуп, COVID-19дун өнүгүшүнө тоскоолдук жаратуучу катары аныкталган. Демек, Кореянын белгилүү закускасы “кимчи” COVID-19дун өнүгүшүнө тоскоолдук жаратаары чын.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты