​УКМК: Бабановдун жазык иштери жабылды. Ал жардамга 100 млн. сом бөлөт

  • 3 года мурун

Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановго карата жүрүп жаткан териштирүүлөр токтотулду. Ал мамлекеттик бюджетти колдоо иретинде өз ыктыяры менен казынага 100 миллион сом төкмөй болду.

Бул тууралуу 24-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, буга чейин прокуратура жана тергөө органдары Бабановго жана ага байланышы бар коммерциялык структураларга карата козгогон жазык иштери токтотулду. Мындай чечимдин кабыл алынышына Өмүрбек Бабановдун жана анын туугандарынын мамлекетке да, ишканалар менен жарандарга да тийгизген зыяны тууралуу фактылар жок экени себеп болду.

“Ошону менен катар Өмүрбек Бабанов менен мамлекеттик бюджетти колдоо иретинде 100 миллион сомду (казынага) которуу тууралуу келишим кабыл алынды” деп билдирди УКМК.

Өмүрбек Бабанов 2017-жылы 15-октябрда президенттик шайлоодо ат салышып, Сооронбай Жээнбековго утулуп калган. Президенттик шайлоодон кийин Россияга чыгып кеткен. 9-августта Москвадан Бишкекке учуп келген.

2017-жылы 4-ноябрда «анын шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде Башкы прокуратура иш козгоп, материалдарды УКМКга өткөрүп берген.

Ошондой эле ага карата «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен да иш козголгону кабарланган.

Өмүрбек Бабанов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматта азыркы тапта өзүнө байланыштуу баш-аягы сегиз иш иликтенип жатканын айткан. Буга чейин ал өзүнө козголгон иштер боюнча УКМК менен финполицияга бир нече жолу сурак берип чыккан.

Өмүрбек Бабанов 2019-жылдын 29-августунда финансы полициясында сурак берип чыккандан кийин УКМКда жана финансы полициясында ага каршы сегиз иш тергелип жатканын айткан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты