АКШда супермаркеттеги ок атуудан кеминде 10 киши каза болду

  • 3 года мурун

АКШнын Колорадо штатындагы Боулдер шаарында супермаркетте ок атылып, кеминде 10 киши, анын ичинде бир полиция кызматкери каза болду.

Жергиликтүү полициянын башчысы Марис Херольд ок атууга шектүү адам кармалганын билдирди. Америкалык телеканалдар укук коргоо кызматкерлери буту канжалаган кишини супермаркеттен чыгарып жатканы тартылган видеону көрсөтүштү.

Азырынча кармалган адам мындай кадамга эмне себептен барганы боюнча маалымат бериле элек.

Өткөн жумада Атланта шаарындагы спа-салондордо ок атылып, сегиз киши каза тапкан. Алардын ичинен алтоо азият расасындагы аялдар болушкан. Бул окуядан кийин АКШнын Президенти Жо Байден теги азиялык тургундарга каршы зордук-зомбулуктун күч алышын айыптап, америкалыктарды расалык жек көрүүчүлүккө каршы биргелешип күрөшүүгө чакырган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты