​Абхазиядан алынып келинген унааларга Кыргызстанда тыюуга каршы акция өттү

Бүгүн, 23-мартта, өкмөт үйүнүн алдында Абхазиядан Кыргызстанга алынып келинген жана келе турган автоунааларга тыюу салууга каршы нааразылык акциясына чыгышты.

Нааразы болуп чогулган 200дөн ашуун жарандар Абхазиядан алынып келинген автоунаалардын киргизилишине Кыргызстанда уруксат берилбей жатканына нааразылыгын билдиришти.

Алардын талабы — бул унааларга да каттоого турган башка автоунаалар сыяктуу эле талаптар коюлушу керек. Мындай автоунааларды карапайым калк күнүмдүк турмуш-тиричиликке, такси сыяктуу кызматтарга пайдаланууда.

Вице-премьер-министр Улукбек Кармышаковдун айтымында, Абхазия ЕАЭБге мүчө эмес, абхаз номерлүү оң тараптуу рулдуу машиналар мыйзамсыз, Россия аркылуу кирген. Ушундай эле көйгөй Казакстанда, Арменияда да болууда. Бул маселени чечүү үчүн ЕАЭБ деңгээлинде сүйлөшүүлөр жүрөт. Учурда МАИ абхаз номерлүү унааларды токтотпой турушуна тапшырма берилет. Муну комплекстүү чечпесе, эртең Казакстан бул унааларды киргизбей коет.

Бажы кызматынын өкүлүнүн айтымында, бул унаалар мыйзамсыз схема менен сатылган.

Митингчилер жаңы алып келинген абхаз номерлүү машиналар камакка алынып жатканын билдиришти. Айып орунга адегенде 500 сом, андан кийин күнүнө 100 сомдон жана 1000 сом айып төлөнүп жатканын айтышты.

Улукбек Кармышаков унаалардын алып келингенине эки ай боло электе айып орунга киргизип койгон фактылар болсо, алар дыкат иликтенерине убада берди.

Чогулгандар унаанын келишинин мыйзамсыз экенин билбей туруп, акчасын төлөп койгон, жолдо келе жаткан унаага уруксат берилишин, карапайым адамдар күнүмдүк тиричиликке пайдаланылып жаткан унаага уруксат берүүнү суранышты.

Улукбек Кармышаков камакка алынган унаалардын жана абхаз номерлүү унааларга байланыштуу маселе кыска мөөнөттө жана ЕАЭБ деңгээлинде чечүүгө убада берди.

Мыйзамсыз кирген унаалар үчүн бажы төлөмү төлөнүшү керектиги белгиленди.

Сүрөттөр: Гулиза Урустамбек кызы / ПолитКлиника.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты