​Улустун улуу күнү — Нооруз майрамыңыздар менен!

  • 3 года мурун

Бүгүн, 21-март Улустун улуу күнү-Нооруз майрамы. Күн менен түндүн жазгы теңелүүсүнүн, жаңы күн, жаңы жылдын майрамы.

Бул күнү элибиз эзелтеден:

“Алас, алас,

Ар балээден калас,

Эски жыл кетти,
Жаңы жыл келди.
Алас, алас,
Айдан аман,
Жылдан эсен,
Жакшылыкты теңир берди,
Жарык күндү кеңир берди.
Орообуз данга толсун,
Оозубуз нанга толсун!
Алас, алас!” деп аластап, жакшы ниет менен жакшылык тилеп келишкен.

Быйыл да Бишкекте Нооруз майрамы шаарда кеири белгиленбей турганын шаардык мэрия белгиледи. Анын себеби коронавирус пандемиясы Бишкек шаарынла да Чүй облусунда башка аймактарга салыштырмадуу көп болуп жаткан кези. 20-мартка карата республика боюнча 82 учуру катталса, анын 55и Бишкек шаарына жана 19у Чүй облусуна туура келет. Нооруз майрамы өткөн жылы дагы пандемияга байланыштуу Бишкекте кеңири белгиленген эмес.

Нооруз баарыбызга сүмөлөктөй таттуу сүйүнүч, күмүш шыңгыр күлкү алып келсин! Жакшылыкка жанаша, ооматка ортоктош алып жүрсүн! Касиет-сырдуу Нооруз сыркоолордон сырткары, апааттардан алыс кылсын! Уучуңарда ырыс-кешик, ууртуңарда түбөлүк жылмаюу болсун!

Сүрөт: Архивдик сүрөт. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты