​Жогорку Кеңеш жаңы Конституцияда нотариус болуп калат

Конституция боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынган. Конституциянын жаңы редакциясында Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары кандай?

Кыргызстан юристтер жамааты Конституциянын жаңы долбооруна анализ жасашкан. Ага ылайык Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары кыскартылган.

Эми депутатты артка чакыртып алса болот

Депутаттык мандаттардын саны 120дан 90го чейин кыскарган. Жогорку Кеңешти шайлоодо пропорционалдык система колдонулбайт, башкача айтканда партиялар катышпайт.

Жогорку Кеңеш министрлер кабинетин түзүүгө таптакыр катышпайт. Ал дайындоого гана макулдугун берет жана сунуш киргизе алат.

Жогорку Кеңештин депутаты императивдик мандатка байланбайт деген эрежелер алынып салынган. Депутатты чакыртып алууга жол берилбейт деген норма дагы жок. Демек, депутатты депутаттык кызматтан чакыртып алууга болот. Бирок, жаңы Конституция боюнча депутатты кайсы учурда чакырып алууга болору белгисиз: шайлоочулардын талаптарын аткарбаганы үчүнбү, же кандайдыр бир чечимге каршы добуш бергендиги үчүнбү? Артка кайтаруунун шарттары жана тартиби ачыкталган эмес. Императивдүү мандат эрки жок жана өз ыйгарым укуктарын формалдуу түрдө жүзөгө ашыра албаган депутаттарды алып келиши мүмкүн.

Депутат жыйындарга келбегендиги үчүн, башкача айтканда, бир сессиянын ичинде 10 жолу келбегендиги үчүн кызматтан алынышы мүмкүн. Учурдагы редакцияда 30 жолу катышпаса депутат кызматтан кетирилиши мүмкүн. 10го чейин азайса, эл өкүлдөрү тартипке салынат.

Жогорку Кеңештин депутаты депутаттардын көпчүлүгүнүн макулдугусуз кылмыш жоопкерчилигине тартыла албайт, ал өзгөчө оор кылмышка шектелип жатса дагы.

«Парламенттик көпчүлүк», «Парламенттик оппозиция», «фракциялардын коалициясы» сыяктуу түшүнүктөр Конституциядан жок жана жалпысынан оппозициянын ролу нөлгө түшүрүлгөн.

Мындан ары Жогорку Кеңештин чечимдери депутаттардын жеке добушу аркылуу гана кабыл алынат. Ошентип, мыйзамдарды кабыл алуу үчүн кеминде 46 добуш талап кылынат жана добуш берүү укугун башка депутатка өткөрүп берүү практикасы токтотулат.

Жогорку Кеңештен алынып салынган ыйгарым укуктар:

— Референдумду дайындоо укугу Президентке өткөрүлүп берилди. ЖК референдумду демилгелөө сунушун гана киргизе алат;

— Өкмөттүн программасын бекитип, түзүмүн жана курамын аныктай албайт. Жаңы Конституцияда Жогорку Кеңештин өз демилгеси менен Өкмөттү кетире албайт. Жогорку Кеңеш министрлер кабинетинин мүчөсүн кызматтан алуу жөнүндө сунушун гана Президентке киргизе алат;

— Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө чечим кабыл алат;

— Премьер-министрдин жылдык отчетун угат;

— Республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетторду бекитет;

— КРнын административдик-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин чече албайт. Бул маселелер кайсы орган же ким тарабынан чечилери каралган эмес.

Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери кыйла кеңейди

Ошентип, мыйзамдарды демилгелөө укугу төмөнкүлөргө өтөт:

1) 10 миң шайлоочу (элдик демилге);

2) Президент;

3) Жогорку Кеңештин депутаттары;

4) министрлер кабинетинин төрагасы;

5) Жогорку Сот өзүнүн юрисдикциясынын маселелери боюнча;

6) Элдик курултай;

7) Башкы прокурор өзүнүн юрисдикциясындагы маселелер боюнча.

Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзам 14 күндүн ичинде Президентке кол коюуга жөнөтүлөт. Учурдагы редакцияда, эгер Президент Мыйзамды каршы пикир менен кайтарса, бирок мурун кабыл алынган редакцияда депутаттардын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин добушу менен бекитилсе, анда14 күндүн ичинде Президент тарабынан кол коюлушу керек. Эгерде Президент дагы бир жолу Мыйзамга кол койбосо, анда Төрага ушул Мыйзамга кол кое алат. Мындай механизм алынып салынган. Эми конституциялык мыйзамга же мыйзамга кайрадан Президент кол койбосо, анда бул мыйзамдын аркы тагдыры белгисиз.

Бул мыйзамдык башаламандыкка алып келиши мүмкүн

Юрист Таттыбүбү Эргешбаева мыйзамды демилгелөө укугу ар кайсы бутактарга берилгенин, бул мыйзамдык башаламандыкка алып келиши мүмкүн экендигин айтты: “Ар бир структура мыйзамдык эрежеге дал келбей эле мыйзам сунуштай берсе, Жогорку Кеңеш толугу менен президент институтунун контролуна өтүп калат. Аткаруу бийлиги Президенттин колуна өтүп жаткандан кийин мыйзам чыгаруу бийлиги толугу менен Президенттен алысташ керек. Себеби аткаруу бийлигинин ишин жакшыртуу үчүн эң алгач көзкарандысыз парламент иштеш керек. Күчтүү паралмент болуш үчүн мыйзам чыгаруу демилгеси бир гана парламенттин өзүндө же жөнөкөй жарандарда болушу керек. Бул Конституция менен парламент нотариус болуп калып жатат”,-деди.

PR.kg редактору Нурдин Дуйшенбеков Президенттин Жогорку Кеңештин ишине толугу менен кийлигишип калганын айтты: “Президент мыйзам сунуштайт, кабыл алынган мыйзамга кол коет же четке кагат. Жогорку Кеңешти кезексиз чакырат жана анын күн тартибин аныктайт. Президент толугу менен барын тейлеп калып жатпайбы”, — деди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты