​Президенттин жоопкерчилиги Министрлер кабинетине өткөн

Жогорку Кеңештин депуттары Конституция боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алышты. Жаңы конституциялык долбоордо аткаруу бийлигине кандай укуктар берилген?

10-январда Кыргызстан эли президенттик башкаруу формасын тандап алышкан. Жаңы конституциялык долбоор жазылып башкы мамлекеттик структуралардын ыйгарым укуктары өзгөрүлгөн. Аткаруу бийлиги эми толугу менен Президенттин алдына өттү.

Министрлер Кабинетинин төрагасы өз алдынча чечим кабыл ала албайт

Кыргыз Республикасында аткаруу бийлигин Президент жетектейт. Өкмөт деген түшүнүк жок болуп, анын ордуна министрлер кабинети киргизилди.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы бир эле учурда Президенттин Администрациясын да жетектейт.

Президент аткаруу бийлигинин ишин жетектеп, министрлер кабинетине жана ага баш ийген органдарга тапшырма берет, анын аткарылышын көзөмөлдөйт.

Президент министрлер кабинетинин жана аткаруу бийлигинин ишинин натыйжалары үчүн жеке жоопкерчилик тартат деп аныкталган. Бирок, эгер Жогорку Кеңеш республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту канааттандырарлык эмес деп тапса, анда министрлер кабинетинин мүчөлөрүн жоопкерчиликке тартат.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын саясатты өз алдынча аныктоого жана өлкөнүн өнүгүүсүнө байланыштуу чечимдерди кабыл алууга укугу жок. Ал министрлер кабинетинин ишин мыйзамдарга, Президенттин жарлыктарына жана анын тапшырмаларына ылайык уюштурат. Бирок Министрлер Кабинетинин иши үчүн Президенттин алдында гана жооп берет.

Жогорку Кеңешке эмес, Президентке отчет беришет

Президенттин жоопкерчилиги министрлер кабинетинин жоопкерчилигине өтүп кетти. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кызматтан кетиши министрлер кабинетинин толугу менен тарашына алып келбейт. Бул норма министрлер кабинетинин ишинин туруктуулугун камсыз кылат.

Жаңы Конституцияда министрлер кабинетинин Жогорку Кеңеш алдындагы отчет берүүсү жөнүндө жобо жок. Ал эми азыркы Конституцияда Өкмөт мыйзамда каралган чектерде отчет берет. Жыйынтыгында министрлер кабинети президенттин алдында гана жооп берет. Жогорку Кеңештин тапшырмасы министрлер кабинетине милдеттүү болуп калабы же жокпу түшүнүксүз.

Өкмөт менен Жогорку Кеңештин өз ара ишмердүүлүгүнөн көптөгөн механизмдер алынып салынган. Мисалы: Премьер-министрге ишеним көрсөтпөө укугу жок, ЖК Өкмөттүн курамына жана түзүмүнө таасирин тийгизе албайт. Өкмөттүн Жогорку Кеңеш алдындагы отчету алынып салынган.

Президент өзүнүн демилгеси боюнча министрлер кабинетинин курамын же мүчөсүн кызматтан кетирүүгө укуктуу. Жаңы Президент шайланса министрлер кабинетинин бүт курамы ыйгарым укуктарын тапшырып берет.

Мыйзам долбоорлордун негизги булагын кесилип калды

PR.kg сайтынын редактору Нурдин Дуйшенбеков жаңы баш мыйзамдагы аткаруу бийлигинин функциялары жөнүндө буларга токолду: “Премьер-министр кызматынын аты өзгөрүп, ал Министрлер Кабинетинин Төрагасы болду. Ошол эле убакта ал Президенттик аппараттын жетекчиси кызматында. Экөө таптакыр бөлөк кызматтар. Себеби Төрагалык- саясий кызмат. Аппараттын жетекчиси болуу- чиновниктик кызмат, бул бирөөнүн кол алдындагы кишиси деген кеп. Экөөнү кандай айкалыштырат, чоң маселе”, — деди. Ошондой эле Өкмөт мыйзам долбоорун киргизе албай калышын сындады: “Муну кандай түшүнсө болот? Бүгүн 70%га жакын мыйзам долбоорун Өкмөт сунуштайт. Мыйзам долбоорлордун негизги булагын кесип салып, айда-жылда киргизе турган органдарга укук берип салды. Бул жерде баланс жок”, — деп сөзүн жыйынтыктады.

Аткаруу бийлигине күчтүү көзөмөл керек

Юрист Таттыбүбү Эргешбаева аткаруу бийлигине катуу көзөмөл керек экендигине токтолду. “Аткарып жаткан тарап өзүнүн үстүнөн текшере албайт. Туура эмес иш жасаса, өзүнө өзү чечим чыгара албайт. Аткаруу бийлиги Президентке өтүп жаткандан кийин мыйзам чыгаруу бийлиги Президенттен алысташ керек. Себеби аткаруу бийлигинин ишин жакшыртуу үчүн эң алгач көзкарандысыз парламент иштеш керек. Бардык материалдык ресурстар аткаруучу бийликтин колунда болот. Мамлекеттеги ресурстар жакшы башкарылышы үчүн артынан күчтүү көзөмөл керек”, — деди.

Эске сала кетсек Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзам долбоордон кийин, Конституция боюнча референдум жергиликтүү кеңештерди шайлоо менен бирге өтөрү күтүлүүдө.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты