Таласта Жерүй кени ишке киргизилди

  • 3 года мурун

Бүгүн, 17-мартта, Талас облусунда Жерүй кениндеги Талас алтын комбинаты ишке киргизилди.

Иш-чарага Президент Садыр Жапаров жана телекөпүрө аркылуу Россия Президенти Владимир Путин катышты.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан үчүн стратегиялык маанилүү долбоордун башталышы өлкөлөрдүн ортосундагы инвестициялык кызматташтыктын ийгиликтүү үлгүсү боло аларын белгиледи.

Өз кезегинде Россия Президенти Владимир Путиндин айтымында, россиялык инвесторлор атайы фондусун негиздөө менен Талас облусунун социалдык өнүгүүсүнө каржылык жардам көрсөтүүнү максат кылышкан. Каражаттар социалдык долбоорлорду жана бизнести жеңилдетилген насыялоону колдоого жумшалат. Кыргызстандын бюджетине жылына 70 миллион долларга жакын каражат түшөрүн кошумчалады.

Ошондой эле иш-чарада «Группа Альянстын» президенти Муса Бажаев жана «ВТБ банк» башкармалыгынын төрагасы Андрей Костин дагы сөз алышты. Андан кийин Президенттер алтын комбинатын ишке киргизүүгө старт беришти.

Кенди иштетүүдөн өлкөнүн бюджетине түшчү жылдык пландаштырылган төлөмдөр болжол менен 4 миллиард сомду түзөрү белгиленди.

Иш башталгандан тартып, долбоорго тартылган кызматкерлер саны болжол менен 1000 адамды түзөт. Бул кызматкерлердин дээрлик бардыгы Кыргыз Республикасынын жарандары жана жергиликтүү тургундар.

Алтын чыгаруучу фабриканын иштөө кубаттуулугу жылына 1,3 миллион тонна руданы түзөт. Бардык казылып алынган руда бул фабрикада кайра иштетилип, андан кийин өлкөнүн аймагында тазаланат. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы алтын куймаларды сатып алууда артыкчылыктуу укукка ээ болот.

Мындан сырткары үч этап боюнча жалпы белгиленген убакыт ичинде долбоордун инвестициясынын жалпы көлөмү болжол менен 610 миллион долларды түзөрү маалымдалды.

2015-жылдан 2021-жылдын март айына чейинки убакытта «Альянс Алтын» ЖЧКсы тарабынан бюджеттик жана социалдык төлөмдөргө, «Бакубат Талас» фондусуна бөлүнгөн сумма — 923 млн. сомду түзгөн. Ал аркылуу Талас облусундагы социалдык долбоорлор каржыланып, чакан жана орто бизнес үчүн аз пайыздык чен менен жеткиликтүү насыялар берилип турат. Алар үчүн 600 млн сом которулган.

Компаниянын өкүлдөрү кенди иштетүүдө дүйнөлүк стандартка туура келген коопсуз технологиялар колдонуларын, андыктан Жерүй долбоору экологиялык жактан таза экендигин маалымдашты.

Cүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты