​Акын, жазуучу, котормочу, сатирик, юморист, окумуштуу, ойчул Салижан Жигитовду эскерүү

Акын, жазуучу, котормочу, ойчул, окумуштуу, сатирик, юморист, ар тараптуу талант Салижан Жигитов бүгүн 85 жашка чыкмак. Анын арабыздан кеткенине 15 жылга аяк басыптыр. Салижан Жигитовдун талантынын ар бири кыры өзүнчө узун кеп курууга татыктуу. Ал эми анын жоруктары адамды тамшандырат, көңүлүн куштар кылат, ойго салат, алдыга жетелейт.

Салижан Жигитовдун жоруктары

Калык Ибраимов, шакирти:

“Пахта теримге концерт койгонубуз ай!”

—Филология факультетинде окуп жүргөндө бизди, студенттерди, Салижан агай түштүккө пахта теримге алып барган. 7-ноябрга карата өзү күлкүлүү кылып сценарий жазып, аны студенттер колхозчуларга коймой болдук. Музыкалык аспаптан мандолина менен аккордеон бар. Мандолинада мен ойнойм, аккордеондо — дагы бирөө. Калгандарынын баары чака-чайнек, кашык, бөтөлкө, ал тургай чемодан алып, урма аспаптар сыяктуу калдыратып-шалдыратып турушат. Дагы бирөөнү “дирижер” кылып койдук.

Ар бирөөнү тааныштыруу да өзүнчө кызык. “Дирижерду” Асанкан Жумакматовдун “шакирти” деп тааныштырат. Дагы бирөөнө шагыратып бөтөлкө илип коюп “бул кургур ичкич болчу, эми студент кылып оңоп алдык” деп, сонун сценарий жазылган. Ал концерт жөнүндө коңшу айылдар угуп калып, ал жакка да концерт коюп бергенбиз.

Таалай Абдиев, шакирти:

“Абам кайненесинин үйүн таппай

—Менин агаларым Салижан абамдын атасы колхоздо башкарма болуп иштеген, эстутуму жакшы, баамчыл киши болгон деп айтышаар эле. Бир күнү колхоздо отчет бергени чыгып, колундагы кагазды тескери каратып алып окуп жатат дейт. Көрсө өзү окуганды билбесе дагы, кагазда жазылгандардын баарын эсине тутуп алып, кагазын тескерисинен окуптур. Ошол киши эки уул, эки кызынын арасынан агайы “Сары балам тың чыгат. Бул кара жумуш кылбай эле акыл эмгеги менен тың жашап өтөт окшойт” деп айткан экен.

Салижан абамдын кээ бир жоруктарын эстесем күлүп алам. Бир күнү Ошто окуп жүргөнүмдө келип калды. Чайканадан чай ичип, сыртка чыктык. Салижан абам “жеңеңдин агалары кайтыш болду эле. Жүр батага чогуу барып келели” деп калды.

Күн кечтеп калган. Кар жаап жатта. Абам болсо кайнатасынын үйүн таба албай калса болобу!

—Кандай жер эле? –десем:

—Труба бар болчу, –дейт.

Анда “трубаны мен билем” деп баштасам,

—Ии, эми таптым, — дейт.

Көрсө кайнатасынын үйү Ак-Бууранын боюнда сайда экен.

Абам тууганчыл болчу. Дайыма эле кайсы бир тууганы тууралуу кам көрүп жүрөр эле. Мен да Россияда аспирант болуп жүрүп калганда, кийин уксам, ар кимге мен тууралуу “бечара бала кыйналып жүрөт” деп айта берчү экен. Чын эле кийин башкарма болгон балдардан мага стипендия төлөтүп берген.

Айгүл Бакеева

Нуралы Капаров жазган Салижан аганын күлкүсүнөн

Илгери өткөн кылымдын 70-жылдарында Чыңгыз Айтматовдун атак-даңкы таш жарып турган чагында Кыргыз телевидениеси Ч. Айтматовдон интервью алууну пландаштырат. Бул сый-урматтуу ишти Салижан Жигитовго жүктөшөт.

Теледен кеч чыгышат. Дароо үйлөрүнө жөнөп кетишпей, калган аңгемени көчөдөн улантып, көпкө туруп калышат.

—Ие, Салижан, -дейт Чыке, -Бу мен аяк-буякта көп жүрүп, убактым болбой, бизден кийинки жаштардын чыгармаларын окуй албай жүрөм. Деги чыныңды айтчы, кийинки жаштардын дүбүртү кандай? — десе, жообу даяр шайыр Сакем:

—Чыке, бир коркпоңуз. Артыңыз жымжырт… — деп каткырган экен.

***

Чыке менен Саке телестудиянын алдында көпкө ары-бери басып аңгемелешип, канча убакыт өткөнүн да байкабай калышат. Бир маалда Чыке саатын карап:

—Ой, Саке, кеч болуп калган турбайбы, кетели, -деп калдалаңдап шашып калат.

—Жүр, мен жеткирип коеюн, — деп Чыке кызмат “Волгасынын” арткы эшигин ачып, Сакеге “кел, түш” дегендей, ишарат кылат.

—Жок, түшпөйм, — деп Саке кетенчиктеп, артка кетет.

—Сага эмне болду? — деп түшүнө албай чочуп кетет.

—Сенин машинеңе эмес, керек болсо кезинде Чыңгыздын машинесине түшпөй койгом деп кийин айта жүргөнгө жакшы” деп адатынча карсылдап каткырып, тамашалап күлгөн экен.

Салижан Жигитовдун чыгармачылыгы тууралуу бул шилтемеде.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты