​CONNECT.KG – алгачкы виртуалдык кыргыз IT Expo көргөзмөсү эл аралык өнөктөштөр колдоосуна ээ болду

  • 3 года мурун

15-19-март күндөрү Америка Кошмо Штаттары, Улуу Британия, Жапония, Германия, Корея Республикасы жана Европа Биримдигинин эл аралык дипломатиялык миссиялары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Жогорку технологиялар паркы менен өнөктөштүктө виртуалдык эл аралык CONNECT.KG атту жогорку технологиялар көргөзмөсүн уюштурду. Анын ачылышы 15-мартта болду.

Бул Борбор Азия рыногуна чыгууну көздөгөн эл аралык стартаптар жана санарип бизнес үчүн Кыргыз Республикасын өсүп келе жаткан IT хаб катары тартуулаган биринчи виртуалдык IT Expo болмокчу. Виртуалдык көргөзмөгө финтек, электрондук соода, IT аутсорсинг жана бизнес-процесстердин чечимдери, IT билим берүү, санариптик маркетинг жана башка өнүгүп келе жаткан IT секторлорун чагылдырган 40тан ашуун жергиликтүү жана эл аралык IT компаниялардын катышуусунда болмокчу.

Виртуалдык көргөзмө 15-мартта Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов, тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев, АКШнын элчиси Дональд Лу, Улуу Британиянын элчиси Чарльз Эдмунд Гаррет жана Жапония элчиси Шигеки Маеданын куттуктоо сөздөрү менен ачылды

Бир жума бою эл аралык миссиялардын элчилери көргөзмөгө катышып, IT тармагына байланышкан соода жана өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат. Көргөзмо жергиликтүү жана эл аралык катышуучуларды Жогорку технологиялар паркынан, БААУдан, Ololo House жана БАУдан түз ободо В2В виртуалдык көргөзмөлөргө катышууга чакырат.

Facebook, Amazon Web Services UK, Cambridge Partnership, Dell, FabLab Bishkek жана EGISтин эл аралык өкүлдөрү, башка өнөр жай адистери менен катар санариптик маркетинг, электрондук соода жана санариптик трансформация боюнча веб-семинарларды өткөрүшөт.

Тилек Мамутов (Outtalent), Эсен Ниязов (Peaksoft) жана Никита Рыжих (FitJab) баш болгон ийгиликтүү кыргыз технологиялык ишкерлери АКШда жана эл аралык рыноктордо иштөө тажрыйбалары менен бөлүшүп, өз ишин баштап жаткан IT- инженерлерге жана программисттерге кеңештери менен насааттарын беришет.

Бул иш-чара АКШнын эл аралык өнүктүрүү Агенттиги (USAID) тарабынан каржыланат жана UKAID Peak Kyrgyzstan аркылуу, Борбордук Азиядагы Америка Университети, Борбордук Азия Университети, Ололохаус, Америка Кыргыз Республикасындагы соода-өнөр жай палатасы, АКШ-Кыргыз ишкерлер кеңеши жана Германиянын экономикасынын Борбор Азия боюнча Өкүлчүлүгү жана 3B ICT Cluster тарабынан кошумча колдоого алынган.

CONNECT.KG жөнүндө кененирээк маалымат алуу үчүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркына кайрылыңыздар: [email protected]

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты