​Жерүйдөгү фабриканын ачылышына Путин онлайн катышат

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров 17-мартта Таластагы «Жерүй» кениндеги алтын иштетүү фабриканын ачылышына барат. Ачылышка Орусия президенти Владимир Путин телекөпүрө форматында онлайн катышат.

Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек «Азаттыкка» билдирди.

Таластагы «Жерүй» алтын кени 1969-жылы чалгындалган. Бул кен алтындын өлчөмү боюнча Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки орунда турат. Геологиялык баштапкы иликтөөлөргө ылайык кенде 84 тонна алтын, 10 тоннадан ашуун күмүш бар экени кабарланган.

2015-жылы кен иштетүү укугу аукциондун негизинде 100 миллион долларга сатылган. Мындай укук орусиялык «Орус платинасы» компаниясына таандык «Восток геолдобыча» ишканасына тийген. Анын карамагында «Алтын альянс» ишканасы түзүлгөн. Ишкананын аталган кенди иштетүүгө укук берген лицензиясы 2035-жылга чейинки мөөнөткө берилген.

2020-жылдын октябрь айындагы башаламандык маалында аталган кенге белгисиз адамдар кирип барып, имаратын талкалап, өрттөп кетишкен. Ишкананын жетекчилиги анын кесепетинен кеминде 10-15 млн. доллар зыян тартканын билдирген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты