​Түйүлдүктөгү балдарга коронавирус жугуп калуу коркунучу аз (Фактчекинг)

3-март күнү KNEWS интернет сайтында, Швецияда коронавирус илдетин түйүлдүктөгү бала жуктуруп алды деген маалымат жарыяланган. Билдирүүдө, кош бойлуу аял Covid-19 илдети менен ооруп, андан соң ал түйүлдүктөгү наристеге жукту деп айтылат. Ошондой эле швед врачтары, бул генетикалык өзгөрүүлөргө дуушар болгон коронавирустун A107G деп аталган жаңы штаммы деп белгилешкени жазылган.


























ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Кош бойлуу аялдарда коронавирус илдетин жуктуруп алуу коркунучу жогору

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жана Аялдардын саламаттыгын сактоо боюнча биргелешкен эл аралык изилдөөчүлөр тобу коронавирус пандемиясынын кош бойлуу аялдарга кандай таасири бар экенине анализ жүргүзүшкөн. Аталган изилдөө, 2020-жылдын сентябрь айында “British Medical Journal” га жарыяланып, анда 13000 миңден ашуун кош бойлуу катышкан 77 изилдөөнүн анализи жүргүзүлгөн.

Окумуштуулар, ооруканага кандайдыр бир себептер менен жаткырылган ар бир онунчу кош бойлуу аялдын биринде Covid 19 диагнозу бар экендигин жана ошол курактагы адамдарга караганда бул илдетке кош бойлуулар көп чалдыгаарын аныкташкан. Мындан сырткары, COVID менен ооруган аялдарда балдарды мөөнөтүнөн эрте жарык дүйнөгө алып келген учурлар да көп катталган.

Ушундай эле изилдөө 29-январда, Британиялык “Journal of Obstrtrics and Gynecology” журналында жарыяланып, коронавируска чалдыккан кош бойлуу аялдарда эрте төрөт учурлары көп болоорун аныкташкан.

Бул изилдөөгө, Улуу Британиядан жана АКШдан коронавирус төрт миңден ашуун аял катышкан. Эксперименттин жыйынтыгында, АКШда коронавирусту жуктурган кош бойлуу аялдардын 15,7% белгиленген мөөнөттөн эрте төрөсө, ал эми Улуу Британияда бул көрсөткүч 12% түзгөн. Эки учурда тең изилдөөчүлөр, бул 57% жана 60% орточо көрсөткүчтөн жогору деген жыйынтыкка келишкен. Ошондой эле, 240 аял катышкан изилдөөдө да, кош бойлуу аялдардын коронавирус илдетин жугузуп алуу коркунучу жогору катмарда экени дагы бир ирет далилденген.

Анда, кош бойлуу аялдар, башка адамдарга салыштырмалуу Covid 19 илдетине 7,2%га көп чалдыкканы тастыкталган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2020-жылдын март айынан бери 2 миңге жакын кош бойлуу аял коронавирус жуктуруп, алардын 28и көз жумган.

Кош бойлуулардын аялдардын организми, оорууну жуктурууга ылайыктуу

Швециянын Коомдук саламаттыкты сактоо агенттиги жарыялаган изилдөөдө, кош бойлуу же жаңы эле COVID-19 менен төрөгөн аялдар реанимация бөлүмүнө башка адамдарга караганда дээрлик алты эсе көп кабыл алынат.

Изилдөөнүн авторлору, Жюлиус Коллин жана Эмма Бюстондун айтымында:

“Кош бойлууларда респиратордук вирустук инфекциялардан улам олуттуу оорулардын пайда болуу коркунучун жогорулатат, анткени аялдын организминде ошол учурларда өзгөрүүлөргө дуушар болот”- деп жазышкан.

Ошондой эле, SARS-CoV-2 кош бойлуулук учурунда ансыз деле стрессте турган өпкө жана жүрөк-кан тамыр системасына таасир этет. Бул тууралуу Эмори Университетинин Медицина мектебинин акушердик жана гинекология бөлүмүнүн башчысы Денис Джеймисон билдирген:

“Жатын чоңойгон сайын өпкөгө орун азайып баратат. Ушундан улам, кош бойлуу аялдарда көп учурда аба жетпей калат. Бул дем алуу органдарынын иштешине таасирин тийгизет. Мындан сырткары, кош бойлуулук учурунда бөйрөк, жүрөк-кан тамыр системасы жана дем алуу органдары күчөтүлгөн тартипте иштешет. Эгерде буга коронавируска каршы күрөшүү учурунда организмде пайда болгон кошумча стрессти кошсок, анда төрөгөн эненин реанимация бөлүмүнө түшүп калуу ыктымалдыгы жогору болот.«- деп билдирген.

“Түйүлдүктөгү баланын коронавирусту жугузуп алуу коркунучу аз”

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери, кош бойлуу аялдарга жана түйүлдүктөгү балдарга бул илдеттин кандай таасири бар экени изилденип келе жатат. Буга чейин 24-мартта Францияда жана 6-февраль күнү, Кытайдын Ухань шаарында жаңы төрөлгөн ымыркайдан коронавирус илдети табылды деген маалыматтар чыккан.

Бирок, Lancet илимий журналында жарыяланган изилдөөдө COVID-19дун түйүлдүктөгү балага өтүшүнө эч кандай далил жок деп белгиленген. Аталган изилдөөдө окумуштуулар Ухань шаарындагы COVID-19 диагнозу коюлган тогуз кош бойлуу аялды изилдешкен. Илимпоздор төрөлгөнгө чейин алынган амниотикалык суюктуктун жана киндик канынын үлгүлөрүн анализдеп, андан кийин кесарево жолу менен төрөгөндөн кийин ымыркайларды текшерип көрүшкөн. Натыйжада, төрөлгөн балдардын эч биринде коронавирустун белгилери табылган эмес.

Илимий изилдөө тобунун жетекчиси, Чжуннань ооруканасынын башкы дарыгери жана профессору Юаньчжэнь Чжан:

«Бул иштин көптөгөн маанилүү клиникалык деталдары жок болуп жаткандыгын белгилей кетүү маанилүү. Ушул себептен биз коронавирус жатын ичине кирет жана балага жугуп калышы мүмкүн деген жыйынтыкка келе албайбыз, ошентсе да, биз COVID-19 пневмониясы менен ооруган энелерден төрөлгөн ымыркайларга өзгөчө көңүл бурушубуз керек»-деп билдирген.

2020-жылдын октябрь айында “Placenta” журналына жарыяланган изилдөөдө, Бостон Медициналык колледжинин изилдөөчүлөрү Элизабет Таглауэр, жана Элиша Вахман энеден түйүлдүккө коронавирус илдетинин жугуу ыктымалдуулугунун төмөн болгону кайсы себептерден улам болгонуна кызыгышкан.

Натыйжада, эненин жатынындагы плацента деп аталган орган коронавирустун балага жугуп калуудан сактайт деген тыянакка келишкен. Башкача айтканда, эненин организминде Covid 19 болгон күндө дагы анын плацентадан өтүп, балага жугуп калуу коркунучу өтө аз экенин билдиришкен.

Ал эми Канадалык окумуштуулар, кош бойлуу аялдарда түйүлдүк аркылуу балага коронавирус жугуп калуу коркунучу бар экенин, бирок анын чын эле түйүлдүктөгү кезинде жуктуруп алганын далилдөө кыйын экенин билдиришкен. Себеби, баланын инфекциялык жугуштуу оорууларды энесинин карнында жугузуп алуу кокунучу 1% болсо, төрөө учурунда бул сан 30% дан 40% га чейин өсөөрү белгиленген.

Мындан сырткары, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сайтында кош бойлуулук жана төрөт учурунда коронавирустун энеден түйүлдүккө же жаңы төрөлгөн ымыркайга жуккан учурлары аныкталган эмес жана дагы изилдөөгө муктаж деп жазылган.

Жыйынтык: Изилдөөлөргө ылайык, түйүлдүктөн коронавирус жугуп калуу коркунучу бар экени белгиленген, бирок алар так далилденген эмес. Мындан сырткары, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму да мурда түйүлдүктө коронавирус жуктурду деп айтылган учурларды официалдуу түрдө каттаган эмес.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты