Айжан Орозакунова, юрист: Конституция кабыл алабыз, референдум өткөрөбүз деген маанилүү беле? (ВИДЕО)

«ПолитКлиника» медиасынын «Сереп» берүүсүндө юрист Айжан Орозакунова Конституцияга, дегеле мыйзамдарга болгон мамиле тууралуу сөз козгоду.

Эмне үчүн биз шашылыш референдум өткөрөбүз, жаңы Конституция кабыл алабыз деп калдык деген суроо баарыбызды кызыктырып жатат. Азыркы учурда бул керек беле, маанилүү беле?

Акыркы парламенттик шайлоодон кийин референдум өткөрүү тууралуу суроо туула баштады. Андан мурун андай сөз жок болгон эмес. Көпчүлүгүбүз адегенде парламентти шайлап алабыз деп ойлогонбуз.

Мыйзамга карата кайсы бир мөөнөттө Боршайком кайра шайлоо өткөрүш керек эле, парламенттин мөөнөтү өтүп жатат деп. Бирок парламенттик шайлоодон мурун Конституцияны өзгөртөбүз, референдум өткөрөбүз дей баштадык. Бул — Конституцияга, дегеле мыйзамдарга болгон мамиле.

Сүрөт: «ПолитКлиника» .

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты