​Жапаровдун Ташкенттеги жолугушуулары

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаровдун бүгүн, 12-мартта, Ташкентте бир катар жолугушуулары өттү Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту.

Садыр Жапаровдун айтымында, биринчи кезекте кыска убакыттын ичинде эки тараптуу кызматташуу боюнча кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынын уюштуруу керек.

Акыркы мезгилде өлкөлөр эки тараптуу соода жүгүртүүнү мындан ары кеңейтүү боюнча бир катар аракеттерди жасашты. Анын ичинде Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча жол картасын ишке ашыруу башталды.

Ошондой эле Садыр Жапаров экономикалык өнөктөштүктү тереңдетүү үчүн жаңы аянтча болуп кала турган жана чек ара соодасын өнүктүрүүдө кыргыз-өзбек ишкерлеринин ортосунда түз байланышты жолго коюуга мүмкүнчүлүк түзүп бере турган кыргыз-өзбек ишкерлер кеңешин түзүлүшүнө оң пикирин айтты. Кеңештин биринчи жыйыны Ташкент шаарында кыргыз-өзбек бизнес форумунун алкагында өткөн.

Мындан сырткары, Президент өнөр жай кооперациясы жаатында кызматташууну кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча практикалык иш-чаралар планынын алкагындагы долбоорлорду, анын ичинде биргелешкен айыл чарба ишканаларын түзүү долбоорлорун чогуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Өзбекстандагы фармацевтика тармагынын жигердүү өнүгүшү тууралуу оң пикирин билдирген Садыр Жапаров Кыргызстанда дары-дармектерди, медициналык шаймандарды жана жеке коргонуу каражаттарын өндүрүү боюнча биргелешкен ишкана түзүүнү сунуш кылды.

Өзбекстан премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстан менен стратегиялык кызматташтыкка негизделген ынак коңшулук мамилелерге токтолду.

Президенттер Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёевдин эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө жаңы түрткү берген, өлкөлөр ортосундагы байланыштарды бекемдеген маанилүү жана үзүрлүү жолугушууларын белгиледи.

Президент Садыр Жапаровдун бүгүн, 12-мартта, Ташкентте бир катар жолугушуулары өттү. Өзбекстандын Олий мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын Спикери Нурдинжон Исмоилов менен, Өзбекстан Олий мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева менен, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту.

11-мартта Өзбекстандын ПрезидентиШавкат Мирзиёев менен жолугушкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты