​Канат Каниметов, журналист: Мен суракка кантип бардым?

“Апрель” телеканалынын журналисти Канат Каниметов Улуттук коопсуздук комитетинин тергөөчүсүнүн сурагына кантип барганын айтып берди.

— УКМКнын тергөөчүсү мага кечээ кечинде телефон чалып, суракка чакырды. Ал өзүн Санжар Жантаев деп тааныштырды. Ал дароо эле мен кайсы иш боюнча чакырылып жатканымды айтты: “Белизгейт” боюнча суроо берели дегенбиз. 2016-2017-жылдары бул темада материал даярдадыңыз эле” деди.

— “Сылык го” деп ойлодум да, дароо макул болдум. (Мен суракты жакшы көрөм да! Ах-ха-хах ).

Бирок өзүндөй эле сылык-сыпаа “Мага чакыруу кагазын жиберип коесузбу?” деп сурадым. Бул жерден “сылык” тергөөчүнүн сылыктыгы жазылып кетти.

— Бул сиз үчүн принципиалдуу болсо, анда чакыруу кагазын жардамчым аркылуу жиберип кое алам. Бирок мен телефондон айтып жатпаймынбы? Анын айырмасы канчалык?- деди.

— Андан көрө чакыруу кагазды жиберип койсоңор болмок,-деп кайра айттым.

— Эгер сиз мага ушундай көйгөй жаратсаңыз, анда биз дагы сизге көйгөй жарата баштайлы. Биз сизди күбө катары чакырып жатабыз, — деди тергөөчү.

— А сиздер мага кандай көйгөй жарата аласыздар? -деп кызыгып сурадым.

-Сиз сыяктуу эле. Мисалы эки күндүн биринде чакыруу кагазын жиберип. Мындайдын сизге кереги жок да.

— Ошол замат шефиме чалдым. Дмитрий Валерьевич (Ложников-ред.) Медиа полиси институту менен байланышты. Акыры чакырык кагазын талап кылбай эле суракка барууну чечтик.

Эртеси саат 15те юрист менен УКМК имаратына бардык. Комитеттин кызматкери жаш бала экен, бизди тергөөчүнүн кабинетине алып барды. Тергөөчүнү жарым сааттай күттүк. Келип эле тергөөчү “Эмнеге соцтүйүнгө пост жазасың?” деп мени жемелеп кирди.

Күтүлбөгөн суроого кантип деп жооп береримди билбей, “Эмне жазбаш керек беле? “ деп өзүмчө күңкүлдөдүм.

Тергөөчүнүн менин ал “кылыгыма” жини келип турганы байкалды.

Анан ал мага кагаз берип, кол коюумду суранды. Кагазда “Сотко чейинки иште суралган маалыматтарды ачыктабоо тууралуу кол коюу баракчасы” деп жазылып туруптур. ( «Подписка о недопустимости разглашения данных досудебного производства»).

Биздин юрист андай сунуштан баш тартууну сунуштоого аракет жасады. “Күбө сурактагы маалыматты ачыктабоо үчүн кол коюп бербесе да болот” деп эсептейт.

Тергөөчүнүн ачуусу келип, дээрлик кыйкыра баштады:

— Силер эмнеге менин башымды айлантып жатасыңар? Анда “баш тартам” деп эле жазып бергиле!

Андан кийин юрист да макул болуп, кол коюп бердик.

Санжар Жантаев адвокат жазып бүткүчө карап турду да, кагазды алгандан кийин “Бул жашыруун иш. Сизди киргизбей, суракты адвокатсыз жүргүзөм” деди.

Ал эми мага болсо тергөөчү эгер аны менен сүйлөшкөн сөздөрдүн майда-чүйдөсүн айтсам, административдик эмес, кылмыш жазасына тартыларымды эскертти. Биз акыры консенсуска келип, сотко чейинки маалыматты ачыктабоо тууралуу кол коюп бердик.

Ошондуктан мага анда эмне суроо берилгенин жана мен эмне деп жооп бергенимди айта албайм. Бирок мен анда сөз болгондордун баарын блокнотума жазып алдым.

Айтмакчы, бул дагы тергөөчүнүн жинин келтирди. Ал суракты жазып алууга акым жок экенин айтып, кыйкырып, блокнотту терезеден ыргытып жиберем деп жатты.

Кыскасы, сурак ушундай, “көңүлдүү” болду.

Мен кандай сезимде калдым? Адегенде мени суракка Сегизбаевдин иши боюнча гана чакырышкан экен деп ойлогом. Алар тигини каралаган эле көрсөтмө алууну каалап жатышат го деп.

Бирок мен эми башкачараак пикирде калдым. УКМК мени да “казып жатат окшойт” деп ойлоп калдым. Анткени алар мага айыпталуучуга же күбөдөн айыпталуучуга айланып кала тургандагыдай суроолорду беришти. Эмне кылмак элек, мен моралдык жактан ага даярмын, — деди Канат Каныметов.

“Апрель” телеканалынын журналисти Канат Каниметов “Белизгейт” иши боюнча УКМК тергөөчүсү тарабынан 11-мартта күбө катары суракка чакырылган. Буга чейин Каниметов КТРКда кабарчы болуп иштеген.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты