Бишкекте тынч жыйын өткөрүүнү чектөө чечими жокко чыгарылды

Жаңылыктар

Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун тынч жыйын өткөрүүнү чектөө чечимин жокко чыгарды.

Бул тууралуу юрист Евгения Крапивина билдирди.

Буга чеийн “8/365 кыймылы” демилгелүү тобу тынч жыйын өткөрүүнү чектеген чечимге каршы Бишкек шаарынын Биринчи май сотуна арыз берген.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 22-апрелге чейин шаардын борбордук бүлөгөндө тынч жүрүш жана митингдерди өткөрүүгө тыюу салган.